Menu

Темир Сариев, экс-премьер-министр: “Төңкөрүш кылуунун лимитин түгөттүк”

Бөлүшүү:

Мурдагы Өкмөт башчы журналисттер менен жолугуп, бүгүнкү коомдук-турмуш, саясат тууралуу ой бөлүштү. Адегенде кызуу талкууланып жаткан Конституция, анан дагы “Бишкек-Корумду” жолу боюнча сүйлөп, андан соң журналисттердин берген суроолоруна жооп берди.

Бишкек-Корумду жолу боюнча
–Мен бүгүн премьер-министр болуп турсам, бүгүн деле ошол жолду салуу чечимин кабыл алмакмын. Ушундай эле тездик менен. Анткени жол бизге керек. Парламентте дагы айттым эле, бул жолду биз кечигип курдук, 10 жыл мурун салыш керек эле. Буюрса, жол салынып бүтөт. Бул Кыргызстандын аброюн көтөрөт. Анткени Орто Азия боюнча мындай курорттук жер жок. Экинчиси, ушул багытта күнөө эмнеден чыкты? Адегенде бир компания тендерге кирбей калыптыр деп айтышты. Ал “Империя групп”. Анын жообун алышты. Былтыр июнь айында биз сатып алууларды электрондук жол менен өткөрүүгө өткөнбүз. Электрондук сатып алууларды эки орган өткөрөт. Биринчи кайсы бир тармактык министрлик, экинчиси Финансы министрлигинин астында “Сатып алуу” деген мамлекеттик департамент бар. Мисалы, бүгүн бир тендер жарыяланса, алардын талаптары коюлат, ошого жараша жоопторду жазып, аягында “киргизүү” деген кнопканы басасың. Эгерде бир эле жерин туура эмес толтурган болсоң, компьютер кабыл албай коет. Бул компьютер, ал жакта адам отурбайт. “Империя групп” ошону туура эмес толтурганын айтып, департамент жооп берди. Андан кийин лицензиясы жок компания утуптур дешти, лицензиясы дагы бар экен, далилдеп беришти. Мөөнөтү боюнча туура эмес экен дешти, мөөнөтүн дагы көрсөтүп беришти. Иштей албаган компания деп дагы айтышты, жолду салып койгондон кийин адистердин баары “Кыргызстанда мындай сапаттуу иштеген компаниялар болгон эмес” деп айтып жатышат. Эгер мындай тоскоолдуктар болбосо биз июлдун ортосунда жолду бүтүрүп коймокпуз. Акырында “Акча жок эле баштап алыптыр” дешти. Бизде 25 жылдан бери бюджет тартыш, бизде акча жок. Акча жок деп отура берсек, эч нерсе кылбай отура бериш керек. Өкмөт болгондон кийин сөзсүз түрдө амбициялуу пландарды коюп, акчаны таап, жасаш керек. Былтыр мен апрель айында келген болсом, биз 16 млрд сом кошумча акча таап, чыгашаларыбызды дагы ошого жараша кылганбыз. Мен кетип жатканда казынада  11,5 млрд сом бар болчу. Былтыр биз мугалимдердин, социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыктарын дагы көбөйттүк. 23 мектеп болчу планда, биз жаңы кирешелерди таап, 73 мектеп салдык. Быйыл 100 мектепти капиталдык ремонттон өткөрөбүз деп пландап койгон элек. Кыргызстанда кандай гана окуя болбосун өкмөт ага оперативдүү жооп берип, ошол боюнча чечим кабыл алып жатты. Былтыр биздин тарыхыбызда биринчи жолу Кыргызстанга кирген инвестициянын көлөмүн 1,5 млрд долларга жеткирдик. Анткени биз текшерүүлөрдү, отчет берүүлөрдү азайттык, отчет берүүлөрдү электрондук вариантка өткөрдүк, сатуудан түшкөн салыкты алып салдык. Бул жол бүткөндөн кийин анан баары баа берет.

Конституция боюнча
— Конституциянын тегерегинде чоң талаш-тартыш болуп жатат. Ачыгын айтуу керек, саясий күчтөрдүн чоң тирешүүсү дагы болуп жатат. Бул боюнча тынчсызданып жатабыз. Биз, акыркы 10-11 жыл ичинде төңкөрүш кылуунун лимитин түгөттүк. Бизде башка лимит болбош керек. Ар бир революция прогресс, бирок, ошол эле убакта, кандайдыр бир деңгээлде регресс. Башаламандыкты токтотууга абдан көп убакыт, каражат кетет. Эң негизгиси бийликке болгон ишеним кетип калат. Конституцияда 2020-жылга чейин тийбейбиз деп жазылып турат. 2020-жылга чейин ушул Конституцияга чыдап, тийбей турсак абдан мыкты болмок. Элдин бийликке болгон ишеними бекемделмек. Бизде абдан жаман адат бар, Конституцияга ылайыктап өзүбүздү өзгөртпөй, Конституцияны өзүбүзгө ылайыктап өзгөрткүбүз келип кетет. Бул жерде төрт фракциянын жетекчилери демилге көтөрүп, өзгөртөбүз деп жатат. Көп учурларда Конституция боюнча дооматтар түздөн-түз Президентке айтылып жатат. Бирок юридикалык жагын карасаңар, төрт фракциянын башчылары алып чыгып жатат. Эгер кандайдыр бир териштирүү болуп калса, мына ушул төрт фракциянын жетекчилери жоопкерчиликти алышы керек. Албетте, Куран менен Библияны эч ким өзгөртө албайт, бул – догма. Калганынын баарын өзгөртсө болот, бирок өзүнүн ирети, жолу менен. Конституция дагы өзүнүн жолу менен өзгөрүшү керек. Бул Конституцияны мен карап чыктым, мында революциялык өзгөртүүлөр жок, ушуну кабыл алсак эле эртең өнүгүү болуп кетпейт. Ошондуктан чыдап турганыбыз эле жакшы.

–Конституция боюнча негизги талаш “Президент Атамбаев бул посттон кеткенден кийин бийлигинин таасирин сактап калууга аракет жасап жатканында” деп айтылып жатат. Сиз бул жагына токтолбой, сылап-сыйпап, кийин фракция лидерлери жооп берет деп айтып жатасыз. Эмнеге ушуну ачык айта албай жатасыз, же сиздин үстүңүздөн кылмыш иши козголгондон кийин кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болдубу?
–Мага кылмыш иши козголгон жок. Жогорку Кеңештин, президенттин кайрылуусу менен тендерге байланыштуу факты боюнча иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Мен эки жолу тергөөгө бардым. Биринчи жолу күбө катары берген суроолоруна жооп бердим. Айрым гезиттер жазгандай, ал жерде алты саат отурган жокмун, тердеп-тепчиген жокмун. Түз, так өзүмдүн жоопторумду бердим, бүгүнкү күндө дагы мен жоопкерчиликти алганга даярмын. Экинчи жолу барганда Малабаев өзүнүн түшүнүгү менен көрсөтмө берген экен, айрым бир документтер, фактылар туура келишпей калган жерлери боюнча экөөбүздү беттештирип, мен өзүмдүн толуктоолорумду айтып бердим.

–Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары ушул Конституцияга сиздер салым кошконсуздар, ушуну сактап калуу сиздердин негизги милдетиңиздер да. Айрым  УӨ мүчөлөрү бул принципиалдуу маселеде бекем туруп жатышат. Бул жагынан алганда сиздин активдүүлүгүңүз байкалбайт…
–Конституциянын ичин ачып окуп көргүлө. Атамбаев эмки жылы бийликтен кетсе эле, өзгөртүүнүн негизинде таасирин сактап кала турган эч кандай өзгөрүү жок. Мына мен өкмөт башчы болуп иштедим, өкмөт башчысына жеткиликтүү ыйгарым укуктар бар. Бир гана акимдерди дайындоо боюнча кемчилиги бар, бирок аны дагы кылса болот. Бул боюнча өзгөртүү киргизебиз деп жатышат, мен буга каршы эмесмин. Бийликтин вертикалын бекемдешибиз керек. Дүйнөдө болуп жаткан окуялар бизге бул зарыл экенин көрсөтүп жатат. Прокуратура, сот системасы боюнча аябай катуу өзгөрүү жок. Азыркы Конституциянын ичинде Коопсуздук кеңеш деген болот деп жазылып жатат. Бул орчундуу маселе. Мурдагысы боюнча  Коргоо кеңеши болчу, мындай учурда чектелип калган. Коопсуздук деген бул сөздүн бардык маанисин камтыйт, мисалы, медициналык коопсуздук, диний коопсуздук, коргоо коопсуздук жана башкалар. Азыркы учурда президенттин, парламенттин же өкмөттүн ыйгарым укуктары күчөп кетти дегенден алысмын. 2010-жылдагы Конституцияда тең салмактуулук сакталган. Азыр сунушталып жаткан Конституцияда мурункусунун конструкциясы орой бузулганын көргөн жокмун. Эми коркуу боюнча. Мен эч нерседен корккон эмесмин. Мен аны бул жерден далилдеп отургум келбейт. Биз мындан дагы катуу учурларды башыбыздан өткөргөнбүз, бычактын мизи менен баскан учурлар болгон. Түздөн-түз жеке өмүрүңө коркунуч келип, эртең бар болосуң же жок болосуң деген дагы убакыттардан өткөнбүз. Ошол укук коргоо органдарында иштеп жүргөн адамдар күбө. 2010-жылы мен 5-апрелде Москвага учуп кетип, 6-апрелде кайра келип, 7-апрелде эртең менен Сокулукта митинг өткөрмөкмүн. Билесиңер, 7-апрелде Кыргызстан боюнча жер-жерлерде нааразычылык митингдери өтмөк. 6-апрелде бул жакта баарын камай баштады. Мен Москва сааты боюнча кечки 11.00де учтум Бишкекке, бул жакта саат 1.00 болчу. Баарын камап койгон. Мен ошону билип туруп учуп келгем. “Темир, келбей эле кой. Бул жакта баарын камап жатышат” деп баары айтты. Мына ошолордун ичинде Асия Сасыкбаева дагы бар эле, чыркырап ыйлап “Учпай эле коюңуз, баарын камап койду, сиз ошол жакта калып туруңуз” деп айтты.  Мен болсо камаарын билип туруп келдим. Камагандан кийин эмне болорун эч ким билген эмес. Мени аэропорттон эле кармап кетишти. Суракта кантип отурганым дагы видеотасмаларда көрүнүп турат. Мен эч качан башымды жерге салган эмесмин. Убактылуу өкмөт боюнча айта турган болсом, биз ультиматумдук талаптан кетишибиз керек. Президент дагы эл тарабынан шайланган. Жагабы-жакпайбы, бүгүн ал бийликтин символу. Тирешүү бийликке болгон элдин ишенимин жоготот. Биз бийликтин жаңы маданиятын калыптандырышыбыз керек.

–Евразиялык экономикалык аймакка кирсек эле коммунизм курулат, жыргайбыз дегендей сөздөр айтылды эле. Бирок азыр иш жүзүндө тескери болуп жатат…
–Бизде өзүбүздүн чакан экономикабыз бар. Негизинен биз айыл чарбалык багыттагы мамлекетпиз. Элибиздин жарымынан көбү элет жеринде жер менен оокат кылышат. Негизги биздин сата турган рыногубуз Россия менен Казакстан. Биз Европа, Америкага, Кытайга сата албайбыз, анткени ал жакта атаандаштык абдан чоң жана алардын талаптары абдан жогору. Мисалы, азыр балыбызды Кытайга чыгара албай жатышат. Анткени балдан 50 анализ алыш керек. Анткени 50 анализдин 2 анализи өтпөй жатат. Ал эмне деген анализ? Биздеги антибиотиктер 30-40 жыл мурдагы антибиотиктер. Биз мындай биримдиктерге кирбей койсок болот эле. Азыр деле кааласак андан чыгып кете турган жолубуз бар. Бирок чыгып кеткенден кийин товарыбызды каякка сатабыз? Европага алып барып сатабызбы? Ал жакта буларга караганда дагы талаптары жогору. Экинчиси, бизде майда чарбалык өндүрүш. Короосунан ашып кетсе 4 тонна картошка алса, аны Казакстанга алып барып сата албайт да. Ал жактарга сатуу үчүн чоң көлөмдөгү товарлар керек. Ошондуктан бизде логистикалык борборлор, биргелешкен кооперативдер керек. Биз бул жолду баштаганбыз, иштер жүрүп жатат.

–Жакында эле Үңкүр-Тоодон Өзбек аскерлер чыкты. Сиз өкмөт башчы болуп турганда Үңкүр-Тоодогу биздин телевышкаларды башка жакка көчүрүү боюнча токтом чыкты эле. “Ошол жерди Өзбекстандыкы деп тааныган токтом чыгарды” деп коомчулукта ызы-чуу чыгып кеткен. Кийин андай токтом жок дедиңиздер. Азимбек Бекназаров ал токтомду алмаштырып койду деп айтып чыкты. Өзбек аскерлеринин Үңкүр-Тоого келип жайгашып алышына сиздин токтомдун кандайдыр бир таасири болдубу?
— Уңгар-Тоо боюнча 2015-жылдын ноябрь айында мен кеңешме өткөргөм.  Ал кеңешмени “Кыргызтелеком” менен дагы бир эки-үч мамлекеттик органдардын “коопсуздук жагын караш” деген сунушу менен өткөргөм. Анткени өзүңүздөргө белгилүү, ошол кезде Өзбекстан пайдаланып жүргөн бир топ объектилерди Кыргызстандын балансына алуу боюнча мен кол койгом. Ошонун ичинде Орто-Токой суу сактагычы дагы бар болчу.  2013-жылы Сариев министр болчу ал кезде, ошол тоого десант түшүп эки жума басып жаткан. Үңкүр-Тоо эмес, Ун-Кар тоо экен өзү. Унга, карга окшоп турат экен. Ошондо Аксы, Ала-Бука, анан Чаткалдын жарымына кете турган телевышканы өчүрүп салган, эки жумага. Бул бүгүнкү күндө такталбаган жер деп турат. Анан биз Орто-Токой суу сактагычын алып жатканда алардын биринчи реакциясы 2013-жылдагыдай болуп Уңгар-Тоого десант түшүрөт болуш керек деп ойлоп, биз коопсуздук үчүн башка жакка кошумча станция куруп коюу керек дегенбиз. Анан “Мага курал бергиле, мен өзүм эле коргойм” дегендер куру популизм.

–Мамлекеттин карызы биздин ички дүң продукциябыздын 70%ына жетип калганы айтылып жатат. Бул мамлекеттик коопсуздукка канчалык коркунуч туудурат?
–Тышкы карыздын көлөмү ИДПнын 60%ынан ашты. Биз жакында Эл аралык фондунун стандарты боюнча санаганыбызда 30%дын тегерегинде, ал жактын медотикасы башкачараак. Мамлекеттин карызынан эч качан коркпошубуз керек. Биз жаңы өнүгүп келаткан экономикабыз. Биздин элибизге инфраструктуралар керек, бул жол, таза суу, электр чубалгылары, ГЭСтер, ТЭЦ, подстанциялар. Эгерде биз кредит алып Ош-Бишкек жолун салбасак, азыр барып-келүүбүз кандай кыйынчылыкты жаратмак. Азыр Нарынга 3 саатта барасыў, мурда 8 саатта барчубуз. Биз алып жаткан кредиттер узак мөөнөттүү 30-40 жылдык. Ортосунда 5 жылдан 10 жылга чейин каникулу бар. Үстөк пайызы 0,75%. АКШда  инфляция 1,5-2%, 100% доллар карыз болсоң жылына 1,5-2%дан инфляция болуп отуруп 40 жылдын ичинде 30 доллардай эле болуп калат. Ага чейин экономикабыз, элибиз дагы өсөт. Буларды алуу өтө кыйын. Башка маселе, алардын даректүү пайдаланылганында. Эң керектүү нерселерге жумшоо керек да. Карызыбыз 80%га жетсе, кандайдыр бир тобокелчиликтер бар, бирок 100-120%га жеткен мамлекеттер бар. Биздин экономикабыз кичинекей да, бир эле завод куруп койсо дароо көтөрүлүп кетиши мүмкүн.

Жети ата тууралуу

— Сиз өзүңүз Түндүктөнсүз. Кезек-кезек менен келатканына караганда, эмки Президент Түштүктөн болуш керек эле. Сизге бул фактор каршы ойноп коет деп коркпойсузбу?
— Элди Түндүк-Түштүккө саясатчылар бөлөт. Андан кийин ошону ММКлар жазып отуруп элдин кулагына куя берет. Мен Кыргызстандын бардык аймагын кыдырдым, “Бизге ишти билген, тың адам керек” деп айтышат. Алар бөлбөйт, бул жактан болсун, тигил жактан болсун деп. Биз деле келин алып, кыз узатып жатабыз, ар кайсы жерден куда күтүп. Бөлүнгөнүбүз туура эмес. Азыр салынып жаткан жолдор, интернет дагы бул байланыштарды бекемдейт. Башкага күчү жетпей калган саясатчылар “Мен өзүңөрдүн балаңармын, мага добуш берип койгула” деп айтат.

— Жети атаңызды билесизби?
— Менин атам Аргынбай, анын атасы Сары, анын атасы Назар, анын атасы Арбос, анын атасы Болот, Болоттун атасы Темир, менин атым ушул Темир атамдын атынан коюлган, Темирден кийин Кенен, Кенен, Белек, Бишкек бир тууган болгон, Кенендин атасы Жоочалыш, анын атасы Чаар, Чаардын атасы Солто.

Отунбаева тууралуу

— Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта сүйлөгөн сөзүндө Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеваны өзүн-өзү президент кылып алган дегендей сүйлөп койду. Сиздин бул боюнча пикириңиз кандай?
— Буга мыйзам менен гана жооп берем. Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде Убактылуу өкмөттүн башчысына Өткөөл мезгилдин президенти деген ыйгарым укук берилип, ошондой милдет тагылган. Ошондуктан аны өзүн-өзү Президент кылып алган деп эч ким айта албайт. Убактылуу өкмөт биз өзүбүздү өзүбүз шайлаганбыз. Биз ошол жерде 14 адам чогулуп, биринчи декрет менен Убактылуу өкмөт түзүлдү, ушул адамдар кирет деп бардык жоопкерчиликти мойнубузга алганбыз. Экинчиси, өзүбүздүн декрет менен Конституциянын кээ бир беренелерин токтотуп, Парламентти, Өкмөттү таратканбыз, үч бийликтин функциясын Убактылуу өкмөт алган. Бул абдан чоң чечим болгон. Ошол Конституция менен парламенттик шайлоо өттү, ошол Конституция менен Президенттик шайлоо өттү. Анан биз кантип аны жокко чыгарабыз? 31-августта кызуу кандуулук менен ал сөздөр айтылып кетти. Укуктук жагын мен азыр айтып бердим.

— Азыр Атамбаев менен мамилеңиз кандай? Президент ооругандан кийин ден соолугун сурап, кабар ала алдыңызбы?
— Жок, кабар ала алган жокмун. Мен деле ошол МККларга жарыяланган расмий билдирүүлөрдөн эле билип жаттым. Майрамдарда эле кез-кезде жазышып турабыз.

— Алмазбек Атамбаев 60 жылдык мааракесине сизди чакырдыбы?
— Чакырган жок. Чакырылбаган конок шыпырылбаган жерге отурат. Ошондуктан мен барган жокмун. Бирок куттуктоомду жиберип койдум, “рахмат” деген жоопту алдым.

“Айрым адамдардын түзгөн конструкциясына батпай калдым го”

— Сиз кызматтан эмне себептен кеттим деп ойлойсуз?
— Түпкү себебин ар кандай жазып жатышат. Мен бир нерсени гана айта алам. 1-2 нерсени шылтоо катары көтөргүсү келишти, бирок жаңылып калышты. Үңкүр-Тоону, бийик тоолуу райондордун коэффициенттери боюнча, турак-жай, унааларды камсыздандыруу боюнча маселелерди шылтоо кылып көтөрүү аракеттери болду. Себеби кээ бир адамдардын түзгөн конструкциясына Сариев батпай жатты. Же болбосо Сариевдин басыгы катуу болуп кетти. Текебаев четин айтып бербедиби, эми убагы келгенде башкалар дагы айтат болуш керек.

Президенттик шайлоо тууралуу

— Президенттик шайлоого барасызбы?
— Шайлоого даярдык болуп жатат. Болуш керек, анткени биз саясатта көрүнүп калдык. Өмүрүбүздү саясатка арнадык. Жашым 53тө, дагы бир 10-15 жыл саясатта жүргөнгө мүмкүнчүлүк бар. Эмки жылкы шайлоо өтө орчундуу болот.

Дилбар Алимова

Булак: ПолитКлиника

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: