Menu

“Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго туз суроо?: Шарт өзгөргөн позицияңыздын баасы канчага турду?

Бөлүшүү:

Биздин саясатчыларда принцип деген неме таптакыр эле оомийин болгон. Айталы, Өмүрбек Бабанов премьер-министрлик кызматтан кеткенден бери Алмазбек Атамбаевдин бийлигине сын айтып жүргөндөрдүн сап башында болчу. Абалыбыз өнүкпөстөн артка кетип жатканын айтып, экономиканы талдап бийликти сындаса, жанына киши тура алчу эмес. Бийликке өзү келгенде гана мамлекет оңолоорун, азыркылар кылымдап артка кетирип атканын айтса, көзү күйүп кетчү. Анан эмне болду, Токтогуловичтин саясий позициясы 180 градуска бурулду, болгондо дагы өтө тездик менен бурулду. Өзүн өтө сүйгөндүгү артка жылып, көзүндөгү амбиция оту өчүп калгандай. Дегеним, президент Алмазбек Атамбаевди ашкере мактап, ага сын айткандарды сокмойго өттү. Кайсы күнү кантип өтүп кеткенин карап олтуруп биз байкабай калдык. Кечээ жакында президенттин 60 жылдыгынын урматына менчик НТС каналы аркылуу «Президент Атамбаев» деген аталыштагы атайын берүү даярдап чыгарды. Эми болсо референдум боюнча ажонун пикирин айныбай колдоп, ЖоКеде бул мыйзамды шашылыш кабыл алуу керектигин Кенжебек Бокоев өңдүү депутаттарынын оозу менен саймедирей баштады.

–Өмүрбек Токтогулович, саясий багытыңыздын өзгөрүшүнө эмне түрткү болду? Эгер сыр болбосо, ачык эле айтып койбойсузбу, «ушул себептен багытты өзгөрттүм» же «баасы мынча болду»  деп. Анан да коомду таңдандырган бүгүнкү позицияңыздын узак мөөнөткө жашашына кепилдик бере аласызбы? Бирок кайра оппозиция болуп чыксаңыз таң калбайбыз деле. Айтмакчы, азыркы тапта Камчыбек Ташиев менен кандай мамиледесиз? Акыркы жолу качан жолуктуңуз? Бир кездеги кар сүртүшмөй «оюнуңар» азыр кандай абалда?

Амантур Мусагул уулу

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: