Үч жылдан бери социалдык коргоо министри болуп иштеп келе жаткан Кудайберген Базарбаев кызматынан кете турганын билдириптир. Бул анын партиялашы Өмүрбек Текебаев менен болгон тилектештиги үчүнбү же башка бир себептери барбы, азырынча ачыктай элек. Эгер чындап эле мамлекетке күйсө, өз ишин мыкты аткарып жаткан болсо, “атамекенчи элем…” деп эле өзүн өкмөттөн кодулай бериштин кажети жок го, ыя? Болбосо ошол “Ата Мекен” деле азыр оппозициянын катарынан расмий орун ала элек, бир буту коалицияда болуп көшөрүп чыкпай турган кези. Андыктан Кудайберген мырза жөн эле тейтектей бергени туура эмес болуп калып жатат. Же партиялаштары “Сиз өкмөттөн кетсеңиз биз бардык нерсени өкмөткө шылтап, бир өңчөй шыбаганга жакшы болот эле” деп тескери жолго шыкактап жатабы? Болбосо орус мүнөз министр өкмөт башчы кысымга алды дегиче, эчак эле “во-от, он заставляет…” деп айтып чыкмак…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ