Ысык-Көл областынын Каракол шаарына Түштүк Кореядан атайы медициналык жардам көрсөтүп дарылоо үчүн офтальмологдордун тобу келди. Кореялык “VISION CARE” өкмөттүк эмес уюмунун мүчөсүнүн айтымында, аталган акция бекер болуп жатат.
Белгилей кетсек, үч жыл ичиндеги тыгыз байланышта 300дөн ашуун Көлдүн тургундарына көзгө эң оор операциялар жасалган. Ушундай эле акция жакын арада Бишкек шаарында дагы өтөрүн айтып кетишти.
Булак: Асман плюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ