Жогорку Кеңештин депутаты (КСДП фракциясы) демилгеси менен төгөрөк стол уюштурулду. Ага ЮНИСЕФтин жана медицина тармагынын адистери катышты. Иш чара жүрүшүндө ымыркай төрөлгөндөн тарта ден-соолугунун абалын аныктай турган жапон жабдуусун сатып алуу сунушу берилди. Андай аппарат 40 миӊ долллардын тегерегениде турат. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.
Ымыркайлар төрөлгөндө дени сак көрүнүп, бирок бир аз чонойо баштагандан тарта алардын аң-сезиминин өсүүсү менен акыл-эси артта калууда. Алардын кандай абалда экенин аныктоочу аппарат жок. Ошондуктан, анын алдыналуу үчүн кам көрүү зарылдыгы бар. Мындай пикирди медицина тармагынын адистери кереге кеңеште билдиришти.
Дарыгерлердин айтымында, ымыркай сырткы келбети боюнча дени сак көрүнүшү мүмкүн, бирок анын оорулуу же акыл-эсинин өсүү темпи үч-төрт жашка чыкканда гана байкалууда. ”Жеткинчектерге убагында кам көрүлбөй, жыл өтүп текшерилгендиги үчүн кыйналып калууда. Ошондуктан, бул балдардын келечеги үчүн жасалып жаткан аракет”, – дейт депутат Альфия Самигуллина.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ