Menu

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Балта көтөрүлгүчө… Тизгин тартаар сөз”

Бөлүшүү:

Бүгүнкү саясый кырдаал өтө опурталдуу абалга жетти. Буга “Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөзөбүз”- деген бийликтин жосунсуз жоругу дүрмөт болуп берүүдө. Август айынын башындагы Президентибиз А.Атамбаевдин маалымат жыйынынан кийин жаздым эле; “Президент быйылкы саясаттагы өнөктүктү бир ай эрте өзү баштап жиберди”- деп. Чынында эле ошол маалымат жыйынындагы Президенттин “ачыткы” сөздөрү далайлардын куйкасын куруштуруп саясаттагы “ызылдак” башталып калган. Аңгыча “Араң турган карышкырды кыйкырып ийип күчөттү” болуп, 31-августагы эгемендүүлүгүбүздүн 25 жылдыгынын салтанатуу тоюнда сүйлөп атып оюндагыны айтып салмай адаты кармап кетип Президентибиз убактылуу өкүмөттүн бир катар мүчөлөрүн той күнү “шыбап” ал түгүл өзү Президенттикти өткөзүп алган Р.Отунбаеваны “эч ким шайлабаган жалган Президент”- деп салды. Пезиденттин той күнү жакшы сөз сүйлөштүн ордуна кечөкү өзүн бийликке алып келген “досторуна” мынча таарынып жекиришине алардын бир тобу референдум өткөзүү демилгесине каршы билдирүү жарыялап жибергени болду. Куурап турган отунга май чачып от койгондой эле саясат “дуулдады” да калды. Дагы жакшы аңгыча “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн 2- оюну” (Эскертүү; 2- дүйнөлүк көчмөндөр оюну деп туура эмес, кыргызча эмес жазылып жүрөт. Турасы жогоркудай болмок) башталып кетип коомчулук дээрлик 10 күнчө дүйнөлүк денгээлдеги чоң иш чарага алаксып калышты. Ээми баштайлы дегенде КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери бизге чогулуп бул да далайлардын “Тизгинин тартып”, “Ички аки- чүкүбүз тууралуу сыртка билгизбей бизге чогулган мамлекет жетекчилери кеткиче чыдай туралы”- дедирип коомдогу далай кыймылдын  ачык “дуу” чыгуусун  бир жума кармады.

Бирок коом ичинен “шарактап” кайнаганы сокурга көрүнүп, дүлөйгө угулуп жатпадыбы. Суу катуу кайнаса чоюнду да таш талканын чыгара жарып кеткен сыяктуу ичтеги кайнаган күч эртең бүт коомчулукка ачык чыгаары турган иш. Алгачкы “буулары” буркурап моюн бербей “жылчык таап” чыга да баштады.

Чырдын башы Баш мыйзамда

      “Иттин өлүгү” так ушул жерге көмүлгөн. Колдогу Баш мыйзам канча жолу кандай болуп өзгөртүлгөнүн саноо кажетпи? Эмне себептен өзгөртүлдү эле? Кандай кызызыкчылыктарды ичине катты эле? Кайра баштан саймедиреп айтуу кажетпи?

Кечээ эле 90 го чукул өмүр кыйылып, өлкө кыйсыпыр түшүп, бийликтегилер туш тарапка чилдей тарап качкандан кийин катуу талкуу менен кабыл алынган Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөйлү деген чечим менен “өлдү”- деп эсептелген Баш мыйзамды өзгөртүү “вирусу” кантип тирилип кайдан пайда боло калды. Түрүң кургур анан калса так эле Акаев менен Бакиев баш мыйзам өзгөрткөндөгү кейпинен өзгөрбөгөнүн  кантесиң.

Так эле илгээркидей “өзгөртүлө, кошумчалана” турган беренелер кайдан жайдан күтүүсүз пайда болду да Жогорку Кеңешке түштү. Депутаттар уйкудан жаңы ойгонгон балдарча эстерине келе албай, ал түгүл жакшылап окуганга деле жарашпай көздөрүн ушалап аңыдүр-маңыдүр болушуп“ кошумчалоого жана өзгөртүүгө макулбуз”- дешип кол көтөрүп жиберишти. “Ак жолду” эстеп койгула. Так ушулардай “ынтымактуу” бир тилдеги партия болчу. Алар го бир партиялаштар. Булар ар кайсы партиядан болсо да КСДП эмне десе “лаппай”- дешкен өз ара пикирлеш “ынтымактарына”  суктанасың.

Беренелерди жазган  автор ким? Эмне себептен бул беренелер кирип жатат? Алынып салынган беренелердин күнөөсү эмнеде? Мыйзамдуулук жагы кандай болууда? 2020-жылга чейин Баш мыйзамга тийишпейбиз деген такилипти кантебиз?- деген сыяктуу суроолорго эч ким деле жарытылуу түшүндүрмө бербеди.

Коомчулук бүгүнкү күнгө чейин Баш мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү жазган “гений юристти” табыша албай издөө салышууда. “Ой деги муну ким жазды? Эмнеге жазды?”- деген суроолорго эч ким жооп бербейт. Жооп берүүчүлөрдүн баары эле Ак үйдүн 7- кабатын карашат. Ал жактан болсо Кудайга канча жалынсаң да үн чыгарып жооп бербегендей эле дымыраган тынчтык. Ошентип бүгүнкү күнгө чейин авторлор белгисиз.

Төмөнкү кабаттагылар болсо “Шеф айтты болду. Референдум өтөт. Баш мыйзамга жаңы толуктоолор жана өзгөртүүлөр кирет” – дешип тыбырап чуркап жүрүшөт.

Ал ортодо “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп”, “Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршыбыз”- деген коомдук күч пайда боло баштады. Себеби мындай күтүүсүздөн “асмандан түшкөн” толуктоо жана өзгөртүүлөрдөн далай көңүл калган. Ошондуктан эзели бир дасторконго чогуу отуруп чай ичишпегендер, бири батышты сүйлөсө бири чыгышты сүйлөгөндөр эмнегедир чогулуп сүйлөшө башташты. Чынын айтуу керек алгач бири-бирине кыр көрсөтүп, “Сен батышчыл, мен мекенчил” болушуп, жөөлөшө кетишкени менен жыйынтыгында бир пикирге келишип, “Референдумга жол жок” кыймылына биригишти. Өтө чоң коомдук күч бирикти. 8-октябрда  биргелешкен чоң курултай өткөзүп кайрылуусун жарыялашты. Япондордун бир нарк салты бар. Мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкка тиешелүү маселеге келгенде бардык талаш, жеке кызыкчылыктар токтойт да мамлекет жана улут үчүн бир муштумдай түйүлүшөт. Түрлүү көз караштагы коомдук ишмерлер жана саясатчылар бул жолу так ушул япондорчо биригишти. Балким бул келечекте нарк салтка айланып да кетээр.

                               Эмнеге “Референдумга жол жок”

Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү 2010-жылдан бери биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. “2020- жылга чейин Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө мароторий жарыялансын”- дегенге карабай бир нече жолу ар кандай саясый жана коомдук күчтөр тарабынан “Баш мыйзамды өзгөртөлү. Толуктоолорду кийирели”- деген сунуштар айтылып келген. Алардын биринчи катарында бүгүн “Референдумга жол жок” кыймылынын катарында турган, курултай өткөрүү демилгечилеринин бири болгон “Курултай кыймылы” да бар болчу. Бирок бийлик тарабынан мындай демилгелер четке кагылып, “2020- жылга чейин Баш мыйзам өзгөртүлбөйт”- деген жооп болоор эле.

Анан күтүүсүздөн эле 7-кабат тараптан “Өзгөртөбүз, толуктайбыз”- деген демилге пайда болуп жатпайбы. Аны Жогорку Кеңеш колдоп жибербедиби.

“Талкууладык. Коомчулуктун пикирин уктук”-дешип каратып туруп көз таңып жатышпайбы. Карапайым элди кой ЖК депутаттарынан “Баш мыйзамга эмне болгон толуктоо өзгөртүүлөр киргени жатат? Канча беренеден турат” – десең жооп бере алышпайт.

К.Бакиев качканда Орусиянын Президенти В. Путиндин айтканы бар “Бакиев Акаев баскан тырмоочту басып алды”- деп. Путиндин ушул сөзү кыргыздардын мамлекет бешчыларына бир нече жылдарга чейин сабак болобу деп ойлочу элем. Аттиң, көрсө сабак болбоптур. Баш мыйзамды өзгөртүп толуктоо жолу менен бийлигин, байлыгын сактап калса бир эмес алты жолу өзгөрткөн Акаев бүгүнкү күнгө чейин тагында кыймылдабай отурмак. Баш мыйзам өзгөрсө эле сыйкырлуу күчкө ээ болгон  болсо эки айда эки жолу өзгөртө алган Бакиевдин үй бүлөөсү туш тарапка качып нечен кыргыз жигиттери шейит кетишпейт эле. Аттиң, “Ата бейит”- деле айрымдарга акыл кийире алган эмес экен го. Баш мыйзам коомчулук макул болуп кабыл алган тынчтык мезгилде гана иштей алат. “Баш мыйзам аркылуу баарына жетем, мамлекетти каалагандай калчайм”- деш баланын акылынан да төмөн турган куру кыял. Ушуну качан түшүнөр экенбиз.

Ким Президентти бул жолго түртсө да өтө акылы кем алабарман неме экен. Балким атайылап жолдон адаштырып кытмыр жүрүш жасады. Болбосо андай эле өзгөрткүсү келсе астынала коомчулукка жарыялап, талкуу уюштуруп, коомдук пикирди бышырып барып, түрлүү күчтөрдөн турган “Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча комиссия” түзүп, ал ортодо референдум жөнүндө мыйзамды тууралап жылма алып өтсө “Мөөнгө сары май куйгандай” жымылдап өтүп деле кетпейт бере.

“Бийлик баш мыйзамды өзгөрткөн атыптыр”- деген кабар тараары менен бүт коомчулуктун “денеси дүр” деп ичиркеништи. Көздөрүнө Акаев менен Бакиев элестеп кетти.

Бүгүн бийлик тараптагылар канчалык актанып “асыл тилектерин” түшүндүрүүгө аракеттенишсе да  коомчулук кулактарын жапырып тырышып кабыл албай жатышат.

Балким бийлик түркөйлүктөрүнө салышып эртең “Референдум өттү” кылышып максаттарын орундатууга аракетин күчөтүшсө анда коомчулуктун каршылыгы бүгүнкүдөн эки- үч эсе күчөйт. Анан аны токтото турган күч болбой калат.

Акаев да учурунда ойлогон “Баарын туура жасап жатам”- деп. Коомчулуктун, элдин үнүн укпай койгон. Жанындагы шыкактагандарга “Түбөлүк падышасыз”-деп жүгүнгөндөргө ишенген. Бакиев да өзүнө, жанындагы кошоматчыларга, баласына, бир туугандарына ишенген. “Мени кыймылдатуучу күч жок”- деп ойлогон. Кадам сайын жаңылыштык кетире баштагандарын качкан эки Президент тең көрө алышкан эмес. Көрсө да түшүнгүлөрү келбеген. Бүгүн тарых кайталанууда. Кадам сайын жаңылыштык кете баштады. Бийликтегилер адаттарынча мендей ачуу чындыкты айткан калемгерди жаман көрүп “Арзыматтарын” айдактап талоонго алышаары Акаевден бери көнүмүшкө айланган иш. Бирок айта кетейин Акаевде да Бакиевде да абалды оңдоп барын жолго салып эч кайда качпай эле орундарында калып, бийлигин татынакай өткөзүп, эли жеринде жашап калуу мүмкүнчүлүктөрү акыркы саатарга чейин бар болгон. Бирок аны алар пайдалана алышпады. Бүгүнкү тагдырларын өздөрү түзүп, өздөрү кабыл алышты. Ал үчүн эч кимди күнөлөшкө акылары жок. Бары өз колдорунда болчу. Бүгүнкү бийликтин да кырдаалды жөнгө салууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Аны пайдалана алышабы же жокпу мезгил көрсөтөт. Кыргыздын бир макалы бар “Балта көтөрүлгүчө дөнгөч эс алат”- деген. Болгону бул жерде ким балта?  Ким дөнгөч ? Күтөлү. Аз убакытта белгилүү болот. Ал эми “Балтаны чабуучу” күч бул мезгил.

Чолпонбек Абыкеев- жазуучу, коомдук ишмер 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: