Menu

Өмүрбек Текебаев: “Мени өлтүрүп коюудан да кайра тартпай турушат!”

Бөлүшүү:

– Президенттин аппараты сепаратист Кадыржан Батыров менен президенттин жолугушканын акыры моюнуна алды. Жолугушууга эки себеп болгон: биринчиси, мамкызматтагы улуттар аздыгы, экинчиси, 2010-жылдагы парламенттик шайлоого “Ватан” партиясы менен чогуу-чаран барууга ниеттенгендиги.

Жолугушуу “Форумдун” имаратында 5-июнда болгон. Роза Отунбаева “Кадыржан Батыров менен Атамбаев анын өтүнүчү менен жолугушкан” деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

Кадыржан Батыров менен менин иним Асылбек Текебаевдин сүрөтү тууралуу айта турган болсом, сүрөт 2010-жылдын апрелинде тартылган. Ошол эле жылдын 18-апрелинде ал кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Алмазбек Атамбаев Ошко жолугушууга барып, Жалал-Абадка да кайрылып, шайлоочулар жана Батыров менен жолугуша турганын убадалаган. Ал күч колдонушабы деп коркуп аткан кез эле, коргоого муктаж болгон, мындай коркунуч чындыгында бар эле. Ошондуктан менин иним Жалал-Абадка Атамбаевдин коопсуздугун сактоо үчүн барган. Бирок, Атамбаев бул жолугушууга бара алган эмес. Бардыгы аны төрт сааттан ашык убакыт күтүшкөн. Менин иним да күткөн, андан башка нерсе болгон эмес.

Бийлик тарабынан мага жана биздин партияга болуп аткан басым буга чейин иштелип чыккан технология. Бул Максим Бакиевдин мезгилинен бери эле колдонулуп келатат. Бизди мамлекеттик басылма, телерадиолорго жакындатышпайт. Президенттик аппаратка жакын ММКларга да чыгарышпайт. Бирок, бул көп болсо бир-эки айга созулат, анан баары ордуна келет.

Атамбаев Батыров менен жолугушпаганын айтып карганып атат эле, эми моюнуна алды го. Алар агонияда калышты. Биздин айлабызды тапканга даяр турушат. Мен физикалык жактан күч колдонулары да мүмкүн деп ойлоп атам.

(10-октябрдагы маалымат жыйынынан)

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: