Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Сунушталып жаткан баш мыйзамдын долбоорун психикалык жактан ооруп, жабыр таркан адам жазган”

Бөлүшүү:

Конституциянын гаранты болгон президент Атамбаев баш болуп, 4 фракциянын жетекчиси төш болуп, биздин төрөлө элек балдарыбызды Кыргызстандын атуулдугунан ажыратууга жол берген Конституциянын долбоорун зордук менен референдум аркылуу кабыл алдыргыны жатышат.

– Табылды мырза, кечээ жакында “Рефрендумга жол жок” кыймылы Элдик курултай өткөрүп, “Кыргызстан – бүгүн, эртең: Конституция жана референдум” темасында өлкөдөгү саясий абалды талкуу кылды.  Бул курултайда “Конституциялык реформалар, референдум жана чөнтөк парламентин таратуу” маселелери каралды. Эми саясий абал кандай нукта өнүгүшү мүмкүн?

– Менимче, курултай өз максатына жетти. Курултайда чыгып сүйлөгөн Ө.Текебаев: “илгери Бакиевдин бийлиги да мыйзамдарды карманбай калганда дал ушул залда, анын зомбулугун токтотуу үчүн саясий күчтөрдү бир муштумга бириктирүү үчүн курултай өткөн. Бүгүн да Атамбаевдин бийлиги чегине жетти”,- деп билдирди. Ал “эгерде биз бүгүн муну ачык айтпасак, эртең элге уят болуп калабыз”,- деп бардык саясий күчтөрдү биригүүгө чакырды. Ч.Жакупова парламент өз милдетин так аткарбай жатканына көңүл бурду. “120 депутаттын саясий эрки жок, бийликке жатып берди” деп кескин билдирүү кылды. А.Бекназаров: “Конституциялык реформалар мыйзамдын негизинде жүрүшү керек. Бийликти эч ким кулатайын деп жаткан жок. Бирок, мыйзамдар сакталып, бардыгы мыйзамдын негизинде болушу абзел”- деп билдирди.

Курултайдын аягында кабыл алынган резолюцияда көп маселлер камтылган. Анын негизги жоболорунан болуп, конституциялык реформаларды токтотуу, саясий куугунтукту токтотуу, саясий нукта камалгандардын сотун ачык өткөрүү, Конституциялык палата конституциялык реформалар маселеси боюнча так чечим чыгаруусу айтылган.

Эми бардыгы Конституциялык палатадан көз каранды. Конституциялык реформалардын мыйзамсыз өткөрүү аракетинен улам коом экиге бөлүнүп калды. Мындай абалда конституциялык реформаларды өткөрүүнүн кандай кажети бар? Эгерде бүгүн Конституция өзгөрүп кетсе, анда аны кийин да мурдагысындай эле “тряпка” катары өзгөртө беришет. Ошондуктан, көпчүлүгүндө юристтер буга каршы чыгып жатышат. Мына ошондуктан, бүгүн Конституциялык палата бул маселеде өтө принципиалдуулукту көрсөтүп, туура чечим кабыл алышы керек. Эгер Конституциялык палата баш мыйзамды өзгөртүүнү туура эмес деп тапса, анда  2020-жылга чейин бул маселе көтөрүлбөй, өлкөдө стабилдүүлүк орнойт деп ишенем. Эгерде, Конституциялык палата “өзгөртө берсе болот”- деп чечим чыгарып берсе, анда Конституция өзгөрөт, бирок, Атамбаев бийликтен кетери менен, бул маселе кайрадан көтөрүлүп, өлкөдөгү стабилдүүлүккө шек келет. Себеби, кеп Текебаевде эмес, кептин баары, бүгүн бийлик, саясатчылар Конституциянын нормаларында жашагылары келбей жаткандыгында. Булар баш мыйзамдын нормаларында жашоодон тажап, 5 жылдан бери кысылып кетти. Ф.Ниязов айтпадыбы, “биринчи жолу Конституция 5 жылга чейин алмашылган жок” деп. Ошого, булар буулуккандыктан,  Акаев-Бакиев доорундагыдай кылып Конституцияны өзгөртүп, аны “тряпкага” айландырганы жатышат. Анан дайыма Конституцияны “тряпка” кылып алмаштырып,  өздөрүнө ынгайлаштырып жазып алып, жашай берели деп жатышат.

– Конституциянын “миналары” барбы, же бардыгы шайма-шай жазылганбы?

– Сунушталып жаткан Конституциянын долбоору демократиялык мамлекеттүүлүк идеясына каршы келген долбоор десем жаңылбайм. Президент менен премьердин ыйгарым укуктарынын күчөшү – демократиялык негиздеги мамлекетке жат көрүнүш. Булар сынга чыдай албай, журналисттерди, саясатчыларды куугунтукка алуусу күчөшү мүмкүн.

Бул долбоор сабатсыз саясатчылар, адамдар үчүн бир бизнес топтун же саясий күчтүн кызыкчылыгына ылайыкташтырылып жазылган. Анда парламентаризмдин өнүгүшүнө кыпындай да мүмкүнчүлүк калтырылган эмес. Бул долбоор боюнча Кыргызстан полицейлик өлкөгө айланат. Президенттин бийлиги бекемдейт, өлкөнү президент менен премьер-министр башкарып калат. Бул жобо “КСДП түбөлүк башкарат” деген ниет менен киргизилип калган. Бирок, бул экөө эки башка атаандаш партиядан болуп калган учурдагы өлкөдөгү саясий абал, стабилдүүлүк жана башка жагдайдар эске алынган эмес. Президент А.Атамбаев менен премьер-министр Ө.Бабановдун учурун эске алсаңыз эле түшүнүктүү болот. Экөө бири-бирине ишенбей, акыры Бабанов кызматтан кетүүгө туура келген.

Премьер-министр облус, район жетекчилерин өзү бекитет. Албетте, президент, жеңип чыккан саясий партиянын лидери, спикер ж. б. кийлигишпей койбойт. Премьер башка партиядан болуп калса, анда интригадан чыкпай, өкмөттүн иши жүрбөй калат. Премьер бийлик партиясынан болуп калса, анда акимдер акча менен бекип, коррупция күчөйт.

Долбоордо Жогорку сот эле эмес, бүтүндөй сот системасынын көз карандылыгы шартталган. Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы сотторго таасир бере алат. Алардан отчет алып турат.  “Сотторду ротация менен башка райондорго жылдырып жиберсе болот”- деген норма киргизилген. Мунун баары – “сотторду толук көзөмөлгө алуу” деген сөз. Соттор толук бойдон бийликке көз каранды болот. Борбордук райондорго сот болуу үчүн чоң акча бериш керек болуп, коррупция күчөйт. Акыйкаттык болбойт.

Бул долбоордо биздин төрөлө элек балдарыбызды Кыргызстандын атуулдугунан ажыратууга жол берген норма киргизилип жатат. СССР учурунда 30-жылдары, кийин деле бийликке каршы чыккандарды писхдиспансерге салып койчу эмес беле. Кечээ эле Өзбекстанда И.Каримовдун улуу кызын психдиспансерге камаптыр деген маалымат тарабадыбы? Сунушталган Конституцияда да адам укуктарынын негизги принциптерине каршы келген норма киргизилип олтурат. Бул жобого таяп, оппозициядагы саясатчыны, бүгүн укук коргоочуларды айыптап жазып жатышкандай жаманатты кылып, “саткын, өз өлкөсүнүн патриоту эмес” деп, граждандыктан чыгарып салуу коркунучу бар. Баарынан да, граждандыктан чыгарылгандан кийин, ал адам каякка жиберилет белгисиз, камалабы, же атылабы. Граждандыгы жок адамды башка өлкөлөр албайт эмеспи. Бул норма кыргыздын табиятына да, дүйнө таанымына да, мусулманчылыктын турмуш-табитине да туура келбейт.

Бул жобо өлкөгө чыр-чатактарды алып келиши мүмкүн. БУУнун, эл аралык уюмдардын Кыргызстандын ички ишине ачыктан-ачык кийлигишүүсүнө даңгыр жол ачып берген жобо. Соо киши конституцияга мындай жобону киргизбейт. Бул долбоорду психикалык жактан ооруп, жабыр таркан адам жазган деп айтсак болот.

– Кечээ коргоо министринин шопуру кылмыштуу топтун мүчөсүнө автомат сатып жаткан жеринен кармалды. Буга кандай баа бере аласыз?

– 2010-жылдын 7-апрелинен бери шоопурлардын, жардамчылардын, кенешчилердин, жылкычылардын, завхоздордун, секретаршалардын куну тууп жатканы  айдан-ачык болуп калды. Бүгүн бул адамдар өлкөнү башкарып жатышат. Булар эмне кылам десе, баары мүмкүн. Булар телефондук укукка да ээ. Эч тайманбай сотторго, прокурорлорго чалып, иштерди бүтүрүп, байып жатышат. 2010-жылдан бери, министр, же башка чоңдор кармалбай эле, алардын шоопурлары, жардамчылары, кенешчилери, сумка-сумка доллар акча менен кармалып жатышат. Себеби, бүгүн Айдар Акаев менен М.Бакиевдин ролун ушулар аткарып калган. Бийлик калп эле коррупция менен күрөшүп, байкуштарды камап жатат. Бекеринен “өлкөнү шоопурлар, кеңешчилер башкарып, парламенттин депутаттары аларга жүгүнүп кирип жатышат”,- деп айтылып жаткан жок да.

– Ө.Текебаев кечээ күнкү пресс-конференциясында жаңы билдирүүлөрдү таратты. Ошолордун орчундууларына токтоло кетсениз?

– Ө.Текебаев бул пресс-конференцияны акыркы мезгилде Бишкектин мэри А.Ибраимов, президенттин аппараты, Башкы прокуратура тарабынан бир топ билдирүүлөр таралып жатканына байланыштуу уюштуруп жатканын айтты. Себеби, бул билдирүүлөрдө “Ө.Текебаевдин мурдагы билдирүүлөрү такталган жок”- деген маалыматтар таратылып жаткандыгын белгилеп, бул маселелерге кайрадан кайралып, тактоо киргизип, айрым маселелер боюнча жаны материалдарды жарыялап, бышыктап берүүгө туура келип жатканын белигиледи.

Ал: “2010-жылы К.Батыров менен А.Атамбаев экөө сүйлөшуп тургандыгын президенттин аппараты тараткан билдирүүлөр далилдеп турат. Ал жолугушууларда кадр маселелер жана “Родина” партиясынын шайлоого өзүнчө баруу маселеси каралганын, анда Атамбаев буга караманча каршы чыккандыгы маалымдалганы далил”- деди.

18-апрелде Атамбаев Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө айтпастан Ошко учуп кеткен. Ошол мезгилде К.Батыров Жалал-Абад университетинде элди чогултуп, аны күтүп турган. Макулдашуу боюнча К.Батыров элди чогултуп турмак, Атамбаев барып жолугушмак. Бирок, Ошко барганда, абалды көрүп, А.Атамбаев Жалал-Абад университетине барбай, кайра Бишкекке учуп жүрө берген. “Биз: “эмнеге эч кимге айтпай кеттиң?” десек, “коопсуздук үчүн, Бакиевчилер билип койбосун дедим” деген. Ошол мезгилде менин иним мага чалып, “Атамбаев университетке келгени жатат, себеби эмне экенин билбейбиз, эмне кылалы” деп калды. Мен таң калып, аны колдоп, “К.Батыровдун кишилери барымтага алып албасын, жардам бергиле” дегем. Себеби, алар мурда да Атамбаевге шайлоолордо жардам берип жүргөн”- деди “Ата-Мекендин” лидери. Текебаев бул окуялар тууралуу видеосъемканы далил катары көрсөттү. Анда К.Батыров элге кайрылып, “азыр “рахманлар” (“улуу адамдар”) келет, оюңарды топтоп тургула, кыска так сүйлөгүлө” деп элге кайрылып жатканын көрсөттү.

Түштүккө барып келгенден кийин, ал Р.Отунбаевага атайы кайрылып, “абал оор экен, УӨтүн комиссиясын түзөлү” деген. УӨ атайын токтом чыгарган. “Анда ал комиссиянын башчысы А.Атамбаевге өлкөдөгү абалды турукташтыруу жүктөлгөн”- деп, токтомду жана А.Атамбаевдин докладной катынын ксерокөчүрмөсүн таратты.

Ө.Текебаев андан ары: “Башкы прокуратура да менин айткандарымдын баарын тактады. Ал Кой-Таштагы 2,7 га жер М. Бакиевдин компанияларына тиешелүү болгондугун айта алган жок. Бирок, бул жерди илгери Ширшов аркылуу М.Бакиев кантип өзүнө жаздырып алса, дал ошол эле схеманы колдонуп А.Ибраимов акырындык менен А. Атамбаевге өткөрүп берген”- деп билдирди. “А.Ибраимов Атамбаевге баласындай жакын экенин билдирип жатат. Ал Атамбаевден кызмат сурап, улам кызматтан-кызматка жылып турганын билдирип жатат. Атамбаевге, бул жердин чоо-жайын айтпай, сатып жибериптирмин деп, аны подставить этип жатат” деди.

“Мародер” деп чуу салып, эч нерсе таппай коюшту эле. “Мен Бакиевдердин мүлкүнүн көпчүлүк бөлүгү президентке жакын адамдарда экенин билем, менин колумда прокуратура, сот, башка атайы кызматтары болсо, бир заматта баарын ачыктап берип коймокмун”- деп айтты Текебаев.

Бугу улай Текебаев: “Аэропорт “Манас” СССР учурунда курулган. Азыр анын складдык же башка атайы помешениелери бош турат. 20% гана  иштетилет экен. Биз барып көрүп келдик. Бирок, ошого карабай А.Ибраимовдун учурунда 2-3 млн. турган цехти (по приготовлению питания) 12 млн. долларга помешениесин да курабыз деген шылтоо менен сатып алган. А.Ибраимов “муну президент А.Атамбаев менен макулдашып ишке ашыргам” деп интервью берип жатат. А.Ибраимов президентти дагы подставить этип жатат. Менде А. Ибраимов боюнча дагы бир топ материалдар бар, Бирок, мен аларды бышыктап, улам акырындык менен чыгарып турам”- деди.

Ө.Текебаев президенттин аппаратынын тышкы иштер боюнча бөлүм башчысы С.Исаковдун билдирүүлөрүнө да жооп берди. “Президентти түрктөр өтө жакшы  тосуп алды,- деп мени “калп айтып жатат” деди. Эч далил келтирбей. Мен чындыкты айттым. Бизге биздин өнөктөштөр “Атамбаевдин өзүнө психикалык жардам керек” деп айтып жатышат. Мына жакында Атамбаев Москвада ооруканада жатып алып, эч ким тааныбаган Кипр мамлекетинин бийлик эгесин эгемендик куну менен куттуктады. Муну Эрдоганга эрегишип жасап жатат. Эми жакында  Арменияга барат экен, мен аны армяндарды геноцид болду деген эстеликке барып, гүл койбосо эле болду деп жатам”- таризинде билдирүү жасады.

Акырында Ө.Текебаев АКШ жана Англия элчиликтери Кыргызстанда октябрь айында терактылар, адамдарды уурдоо болуп кетиши ыктымалдыгы жөнүндөгү билдирүүлөрүнө токтолуп, бул бекер билдируу эмес экенин айтты. “Бийлик азыр ар кандай жолдорго барышы ыктымал. Булар аргумент таппай калса, бийликти коргоо учун, чакан топ адамдарды жардырып, барымтага алып, анан буларды “Ислам мамлекетине” шылтап, өлкөдө өз режимин бекемдөө аракетин жасашы мүмкүн”- деп эскертти.

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: