Ушул жумада өлкөбүздүн күч органдарынын биринин министринин айдоочусунун катышуусунда уккан адамдын жүрөгүн түшүргөн окуя болду. Анткени Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы (министри), генерал-майор Марат Кенжесариевдин айдоочусу Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө үч даана АКС-74 Калашников автоматын кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрүнө (караларга) сатып жаткан жеринен коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалды. Министрдин айдоочусунун прапорщик деген аскердик чини да бар экен. Ал аталган куралдарды достору менен бирге КР Чек ара кызматынын аскердик бөлүгүнүн курал кампасынан алып чыгып сатып жаткандыгы белгилүү болду. Азыр курал соодалаган айдоочу УКМКнын убактылуу кармалуучу абагында жатат. Ошол эле учурда кук коргоо органдары анын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз катылган куралдар жана окторду табышкан. Мамлекеттик Коргоо комитетинин төрагасы М.Кенжесариев айдоочусунун бул жоругу боюнча журналисттерге комментарий берүүдөн качууда. Эгер ал куралдар чындап эле кылмышкерлердин колуна тийсе, анда канча адамдын өмүрү кыйылат эле!? Балким, бул мурдагы коргоо министрлиги комитет деп аталып, даражасы бир топ жогорулагандыгы менен реформанын натыйжасыдыр?
Булак: “Майдан.kg” гезити
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ