8-октябрда Ч.Айтматов атындагы орус драмтеатрында болуп өткөн оппозициянын курултайында белгилүү укук коргоочу, “Бир Бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова саясаттан тажаганын, ордун жаштарга бошотуп берүүгө даяр экендигин айтты: “Өлкө азыр ушундай абалда турса бири-бириңерди жамандап, ошонун баарын карапайым элге көрсөтүп жатасыңар, үлгү боло албай жатасыңар, ошонусу жакшыбы? Жаман. Бириккиле, карапайым элге үлгү болуп бергиле, жаңы муун келгиле мен ушул Жогорку Кеңештен да, саясаттан да тажап бүттүм. Жогорку Кеңештин азыркы абалын карап туруп, Конституциянын өзгөрүүсүнө каршы тура аларыбызга көзүм жетпейт. 95% депутаттар сатып беришет, азыр жатып беришти”,- деди депутат айым каңырыгы түтөп. Көрсө, уяты менен ыйманы бар, инсандык касиети бийик жана эртеңки келечегин ойлогон адамга азыркы парламенттин депутаты болуунун кызыгы деле калбай калыптыр да. Демек, жалаң гана жеке кызыкчылыгын ойлоп, эл менен мамлекеттин эмес, өздөрүнүн партбоссторунун айткан, дегенинен чыга албаган депутат болгончо, мандатсыз эле жүргөн артык турбайбы. Деги булардын акаевдик “Алга, Кыргызстан” менен Бакиевдик “Ак жолдон” эмне айырмасы бар?
Булак: “Майдан.kg” гезити
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ