Menu

“…Чукушпайлы, кечиримдүү бололу…” Чын элеби?

Бөлүшүү:

Чын эмей. Президент Атамбаев мындай кудайдын жылуу-жумшак сөзүн  11-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз мамлекеттик социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн белгилүү инсандарды сыйлоо учурунда  расмий айтып жатпайбы.

«Бири-бирибизди чукулабай, кечиримдүү бололу»«Башкаларды ээрчибегиле, алар бизди ээрчишсин. Улуттук кийим менен диний кийимди алмаштырбагыла. Кыргыз элинин каада-салты менен жашашыбыз зарыл. Дин менен маданиятты аралаштырып, бирөөнү туурабашыбыз керек» деген президент Алмазбек Атамбаев элди кечиримдүү болууга чакырды «Бири-бирибизди чукулабай, кечиримдүү болуп, жардам беришибиз керек. Ошондо кыргыз элинин келечеги кең болот. Элдин баарын бириктирге н Манас атабыздай жоопкерчилик болуш керек. Өткөндү унутпай, андан сабак алуу зарыл», — деди Атамбаев.

PS:  Келиним сага айтам, керегем сен укпу, же… каңырыш эмес, кудум ушинтип айтыптыр. Албетте, бул  сөздү президент  тигилерге эмес, Текебаевге айтып  жатканын туйбай билсе болот.,  Кечээки  курч  мизи , бүгүн мокоп калганбы? Жалпак тил менен айтканда, далилдер жарга  такап киргенде ормон опузудан мандем чыкпасына көзү жетип, айланасындагыларга мушун жакшы эле  көрсөтүп туруп, анан Конфуцийдин бейнесине кирип  кеткени  байкалып турат.  Кептин ачыгын айтканда,күтүүсүз  жаралган  опуртал жагдайдан чыгып кетүүнүн  эки гана жолу бар экенин билет. Биринчиси, каршылаш тарапты репрессиялап, камап, элдин арасында нааразычылыкты жаратып, үчүнчү толкундоого жол ачуу.  Бул Атамбаев үчүн өтө опурталдуу, кооптуу жол. Ага  айланасы  зордуктап түртсө да баралбайт. Анткени, «каршылашы» өзүнүн санаалашы, табакташы кадимки Текебаев болуп жатпайбы. Ал көп нерсени билет, бүгүнкү айткандары «бир  бүркүмдөрү» эле. К. Батыровдун тегерегинде  али  айтылбаган көп  былыктар жатат кезегин күтүп. Эгерде президент басым  жасай  берсе, балким «чыгып  кетти өзү эле « болуп кетиши деле ыктымал.

Экинчиси, жөөтчө муназага келимиш болуп, баарын капканга түшүрүп, “булт” этип апакай  чыгып кетүү. Кудум ушул жол менен кете  турганын ал «кечирим» деген сөзгө философиялык маани берип, ортодогу суудан кечирип койгула дегендей пикирин айтымыш этпедиби кечээ. Бул деген Текебаевге коңгуроо  катары айтылган кеп.

Ооба, Текебаев аны ошол замат укту. Шо замат пресс-конференция өткөрүп, кайрадан эле былыктарды чукуп ( сени уктум, кечиримдүү болуу үчүн айланаңы тазала, мына сени кайрадан «подставить» этип жатышат дегендей) « чыңалуунун саясий башка жактарын жогорулатса, пасайтса болот, бирок Атамбаевдин УӨкө берген баасын, Роза Отуньбаева карата айтылган сөздөрүн биз кечире албайбыз, Баш мыйзамды өзгөртүүгө түбүнөн каршымын, деп беймарал айтты да койду. Бул нени  каңкуулайт? Өтө көптү туугандар! Принципиалдуу маселелерге карабастан жилик бөлгөнү келгенде дале «сизиң-бизиң» күчүндө экендигин көзгө сайып көрсөттү.Демек,  келишпестиктердин үчөө көзүр карта сыяктуу  колдо туруп турат .

Албетте, бүгүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн айланасында ызы-чуу болуп жатканы жөн жеринен эмес. Жанагы президенттин жан- жөкөрлөрү, «жүжүрлөр», түшүнбөгөндөр менен ага каршы чыккандар келип эле «кеп кедең болду, кедең неден болду?» дегенге баштары деле жетпейт. Анткени, суунун астында канчалаган котур таштар жатканы менен алардын иши канча. Эгерде Баш мыйзамды  чын дилинен, эл үчүн кызмат кылгандай өзгөртөбөз дешсе, эмне үчүн өзгөртүүлөрдү парламенттик башкарууга жакындатышпай, кайрадан эле президенттик-парламенттикке апарып салышмакчы. Эмне үчүн бир бий турса, аны эки баштуу ажыдаар кылышат? Анткени, президент тактыдан кеткен соң  бул ажыдаарлар (өзүнүн жакындары экенине карабастан) өз алдынча чечим чыгарып, артынан суу куйушпасын деген эле аракет.Мына ушул жерден келишпестик келип чыккан.

Кеп бийликти узартуунун бир тарапка  ыңгайлуу ,экинчи тарапка ыңгайсызыраак болуп жатканында эле. Ошон үчүн мыйзамдуу аттап-путтап өтүшүп,кала берсе Конституциялык палатанын каршы эместигин да айттырып, жаздырып алышпадыбы. Эми  Текебаевден  башка бутун тоскон жан калбады сыягы.Кечиримдүүлүктүн бир учу кудум ушерде көмүлүп жатат иттей. Принципиалдуу маселеге принципиалдуу мамиле жасайлы дегенин кечиримдүүлүктүн жана чукушмайлардын  түспөлүндө көрө бер, тууганым! Бирок, Текебаев бир маселени кабыргасынан койоору бышык.Ал боюнча Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүнүн  процедурасын жана  талкууну  элге ачык угузбай  мыйзамды одоно бузушуптур мен ооруп жүрсөм, деп элге кайрылып туруп, тегерегиндегилердин  бир тобуна  “каарын  салымыш “ этип, референдумдан баш тартып, жагдайды жайгаштырышы мүмкүн. Аны жактап  аткан тоту куштар кайрадан эле ушундай болуп калган турбайбы дешип, бетиндеги  жүзүн сыйрып,баштыгына сактап жүргөн башкасын  желимдей салышып, кайрадан баягыдай  эле  сайрап киришет. Анан, анча-мынча  өңдү бойоп түзөөлөр болушу  ыктымал. Кандайынан  алба, ал  айланасындагылардан аста  секин арыла баштайт. Биринчи кезекте күтүүсүз жагдайды «жаратууга» салымын кошкон кошоматчыларын курмандыкка чалышы мүмкүн. Экинчиден, Текебаев менен ийри олтуруп түз кеңешип дегендей….катып бараткан жагдайды  жумшартып, башка бир чараларды көрүшү  мүмкүн.

Бирок, бөтөлкөдөн чыгып кеткен соң каршылаш  тарап  “чукулоону” андан ар уланта берет жана  оңой менен кечиримдүү  боло  койбойт чамада. Алардын  максатын  айттырбай  түшүнсө  болот. Ачыгын айтканда, бүгүн президент саясий, моралдык укуктарын жок кылып алды сыягы. Өзүн сыйлаган мамлекеттерде эчак  эле  отставкага  кетип калмак.     Эми   чыгыштын  эпкини  тийген  Кыргызстанда  жашап  жаткан  соң, абанын соңку  жутумуна чейин, үмүтүң  баарынан кийин  өлөт  деп  тырмышып олтура беребиз го чиркиндики! Түз  айтканда ( муну  эксперттер  бир ооздон айтып жатышат) бүгүн президенттин саясий, моралдык жактан Ата журту болууга   кыпындай  да  укугу жок. Баарын тебелеп- тепсеп  бүттү. Экинчиден, түрк жергесиндеги  «саясий дарт” (расмий жүрөк оорусу) шоусунун  бети ачылып,же Кремлден колдоо табалбай (алар билет да баарын) талтайып тургандан , мөөнөтүн күтүп, санап жүргөндөн көрө, мөөнөтүнөн мурда отставкага кетиши ыңгайлуу  экендигине көзү жетсе да  жетпей жаткандай  түр  көрсөткөнү  гана таң калыштуу. Акөрө  ошонун айласын кылса, чүкөсү айкүрүнөн турбаса да, турумуш этер беле… кызыл чектен ашып кеткен учурда  бирдеме  деш  деле кыйын…

Просто  Шер

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 99

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: