Балыкчы шаарынын жетекчилигинен кулкунунун азабынан куулган экс-мэр Мирлан Бообеков көп өтпөй президенттин Чолпон-Атадагы резиденция башчылыгына которулган. Нысапсыз неме жакында ал жактан да куулуп, учурда Балыкчыда бош жүрөт. Көрсө, президенттин Чолпон-Атадагы резиденцияга бараарын утурлай Мирлан Бообеков эки жума ишке чыкпай, “гүүлдөп эс алып”, дайынын таптырбай кеткен экен, кайран эргулга “буга сый жарашпайт тура” таризинде Акүйдөгү “серый кардиналдар” ачууланып, кызматтан шыпырып тынышканы маалым болду. Колоктоп бош жүрүп, үйдө отуруп калгыча кирди-чыкты тынч жерде иштеп тирилигин кыла бербейби кысталак? Азыр болсо Максат аттуу Ысык-Көлдүн тыңчыкма жигити президенттин көл жээгиндеги резиденциясын тейлеп аткан чагы…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ