Дүйшөн Зилалиев деген бүгүнкү бийликтин эрке баласы бар. Ушу тапта алчысы айкүр туруп, аңды-дөңдү көзгө илбей жүргөн кези. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси. Бирок бул тармак боюнча адис эмес. Өзү айткандай, бул тармакты ийне-жибине чейин билмек тургай, мекеменин имараты кайда жайгашаарын да билбей туруп жетекчи болуп келген. Багы бар экен, тоо кен тармагы боюнча адис болбосо дагы бүтүндөй бир мамлекеттин кен байлыктарын кармап, уучу майга толуп эле олтуруп калды. Ооба, отко салсаң күйбөгөн Дүйшөкеңдин жашоосу бир топ убакыттан бери май көл, сүт көл, бирок кыйраткан бир ишин көрө элекпиз. Качан көрсөң ызы-чуунун үстүндө. Өзү билген саясатын жүргүзүп олтурат, мамлекеттик кызматты жеке менчигиндей көрүп. Мыйзамсыз берилген лицензия, дагы бир топ өзүм билемдик менен жүргүзгөн саясаты боюнча аңыз кептер айтылууда. Кылыгы, бул эрен лицензияларды саткан соң ошол кен жайгашкан аймактагы жергиликтүү элдерден ОБОН топтотуп, кайра лицензия сатып калган компания менен экинчи ирет соода жүргүзөт экен. Бул боюнча кеңири сөз гезиттин келерки сандарында болмокчу.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ