Menu

Алмаз Атамбаев: Кыргызстан Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Грузиянын аймактык биримдигин колдорун билдирди. Президент мындай пикирин Тбилисиге жасаган расмий сапарындагы кош тараптуу жолугушуулардан кийинки маалымат жыйында билдирди:

– Кыргызстан Грузиянын аймактык биримдигин колдой турганын расмий түрдө айтам. Бүтүндүктү сактоо – ар бир өлкө үчүн негизги принцип болушу керек. Бул ар бир мамлекетке, ошол эле учурда Кыргызстанга да таандык.

Президент Алмазбек Атамбаев Грузияга жасаган сапарын “тарыхый” деп сыпаттап, бул жолугушуу мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болорун белгиледи. Тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулардан соң Грузия мамлекет башчысы Георгий Маргвелашвили экөө маалымат жыйын куруп, кыргыз-грузин ымаласы ар тараптан дагы бекемделерин ырасташты.

Кыргыз делегациясы Тбилисиге эки күндүк расмий сапар менен 12-октябрда барган.

Булак: Борбор Азия жаылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: