Menu

Гүлчамбар: Жүрөктү оорутуп кеттиң, Жибек!

Бөлүшүү:

2013-жылан тартып, Афганистанда согушта 13 миң адам каза болуптур, согушта! А бизде 2013-жылдан тартып, тынчтык убакта, 15 минден ашык адам жол кырсыгынан каза болуптур.

Ал ар дайым күчтүүгө алы келбей азап тарткан, адилетсиздиктен көңүл чөгө ыйлаган, тирүүлүктү түйшүк катары көтөргөн бей-бечара, колунда жок карапайым адамдардын укугун коргоп келчү. Карышкыр, түлкү, чөө заманда адамдардын кирдеп баратканына кейип-кепчип, акыйкаттык жоктугуна жер сабап кайгырчу. Турмушунда алдына койгон жакшы ойлору, максаттары бар эле. Бирок, шум ажал Жибек Исмаилованы арабыздан эрте эле, 34 жаш курагында жулуп кетти. Өзү так жүрчү. Досторун, “силер жолдон туура эмес өтөсүңөр, атайын жөө адамдар өтүүчү сызыктан өткүлө”,- деп урушаар эле. Мына ошол жалпы коомдук эрежени үтүр-чекитине чейин сактаган мыкты кыялынын курмандыгы болорун сезди беле? Жибек аны сактаган менен, башкалар түкүрүп да койбойт эмеспи. 6-октябрда да Жибек жөө адамдар өтүүчү сызыктан өтүп баратканда катуу ылдамдыкта келе жаткан маршруттук унаа сүзүп кетип, дароо каза тапкан. Кырсык! Жүрөк өйүткөн көрүнүш. Адам тагдырын оюнчук эсептеген маршрутканын айдоочулары чектен чыкты. Аны миң айтабызбы, бирок, бизге Жибекти эч ким тирилтип бере албайт экен. Арман дүйнө! Төмөндө Жибекти билген замандаштары, досторунун эскерүүлөрүн окуңуз…

Жибек эч качан жол эрежесин бузчу эмес…

Жибек менин эң жакын, сырдаш курбум эле. Мага бул жоготуу абдан оор болду. 10 жылдан бери жанымда жүргөн жакын адамыңды жоготуу өтө кыйын экен. Жибек достукка бекем, ата-эне, бир туугандарына кайрымдуу, жумушуна так, эч качан калп айтпаган, сөзүнө бекем турган, боорукер, өтө принципиалдуу инсан эле. Дагы деле ишенгим келбейт, өтө кейиштүү. Таптакыр күтүлбөгөн жерден, жол кырсыгынан кетип калды. Баарынын кейиштүүсү, Жибек эч качан жол эрежесин бузчу эмес, жолдон да ар дайым “пешеходный переходдон” өтчү, мен кээде машина алыс болсо жолдон өтөйүн десем мени урушчу: “пешеходдон өт, эрежени сен өзүңдүн коопсуздугун  үчүн сакта!”,-деп… Тилекке каршы, өзү пешеходдон өтүп баратып, айдоочунун сабатсыздыгынан курман болуп калбадыбы, байкушум! Ушундай сабатсыз, адамдын өмүрүнө кайдыгер караган айдоочуларыбыз абдан көп, канчалаган адамдын өмүрлөрүн кыйып жатышат! Буга биздин мамлекет көңүл бурбаса, акыбал абдан оор. 2013-жылан тартып, Афганистанда согушта 13 миң адам каза болуптур, согушта! А бизде 2013-жылдан тартып, тынчтык убакта, 15 минден ашык адам жол кырсыгынан каза болуптур. Бул статистика ойлонтпой койбойт!!!

Жибек, алтыным менин, мен үчүн сенин ордуң эч качан толукталбайт! Менин жашоомдо  сенин ордуң өзгөчө эле. Ушунчалык таза пейил, жаркылдаган, күйүмдүү, боорукер, эң бир жаркын элесиң мен үчүн түбөлүккө кала берет. Жаның жаннаттан жай алсын, алтыным!

Айсулуу Алымбек кызы

Сатып кетүү эмне экенин билбеген жан эле…

Шум ажал Жибекти алып кеткенин мен кеч угуп калдым. Бул мага катуу сокку болду. Себеби, ар дайым шайыр-шатман, тегерегиндегилерге оң энергия берип турган досубуздун минтип жарык дүйнө менен кош айтышып кете берери үч уктасак да түшкө кирбеген окуя да. Калп эле адатынча тамашалап, башка жакка кетип, эртең эле жадырап-жайнап кирип келчүдөй, улам эшик “кыйч” этсе үмүттөнүп карайсың. Бирок мунун баары жөн гана каардуу чындыктан качуу экен.

Мен Жибекти көп жылдан бери билген адам катары анын достукка бекемдигин, түз жүргөнүн, адамдарды сатып кетүү деген не экенин билбеген чанда кездешпеген сейрек инсан экендигин айта кетүүм абзел. Сутканын кайсы сааты болбосун, эмне маселе жаралбасын, Жибекке чалсаң баарын таштап, жардамга келе калаарын баарыбыз билчүбүз. Укук коргоочулук жумушунун майын чыгарчу. Ал текшерип кирип көрбөгөн түрмө деле калган жок шекилдүү. Жолдо баратып оор сумке көтөрүп бараткан кемпир-чалды көрсө да жүрөгү чыдабай, бооруна тартаар эле. Албетте, келечекте кыргызга күйгөн мыкты, даңазалуу энелердин жолун жолдомок. Эл, карапайым адамдар үчүн күйүп жүрүп, жада калса, жеке турмушун дагы ойлогон эмес. Бул тууралуу сөз кылсаң эле, “качып кетпейт да…”- деп коёр эле. Ошентип олтуруп буга да жетишпей кете берди.

Жаткан жериң жайлуу болсун! Жараткан сага жаннаттан орун берсин!

Нургазы Анаркулов

Сендей дос бул дүйнөдө табылбас…

Алтын досум менин… Адамдагы кандай жакшы сапат болсо, баары сенде болоор эле. Ар дайым күлүп жүргөн, маңдайы жарык инсан элең. Биздин жамандык-жакшылыгыбыздан калбай, колуңдан келген жардамыңды аябаган ак көңүл, мээнеткеч, адамдын жакшылыгына кошо сүйүнүп, жаман күндө кошо күйгөн чыныгы дос элең.

Таарынчак досум менин… Бирөө менен таарыныша кетсең да, өзүңдү таарынтып койсо да, кечиримдүү болчу элең. Ичиңде кириң жок, адамга кек сактабаган, пейилиң кенен дос болчусуң.

Эрке досум менин… Биздин арабыздагы эрке кыз элең, боорукерлигиң, ак пейилдигиң менен элге жагып, ар дайым биздин жүрөгүбүздө эрке мүнөзүң, ар дайым күлүп турган элесиң түбөлүккө сакталып кала берет.

Кош бол, досум, сендей боорукер, ак көңүл адам бул дүйнөгө келсе, жүз жылда бир келээр. Сен эми жаныбызда жок болсоң дагы, сенин ордуң биздин арабызда, анткени сендей дос бул дүйнөдө табылбас. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, досум!

Гүлшайыр Абдырасулова

Чындыкты сүйгөн адам болчу!

Жибек экөөбүз чогуу беш айдай иштештик. Чындыкты сүйгөн, баарын бетке айткан адам болчу. Колунан эмне жардам келсе эч аябайт эле. Жибектин жини келсе дагы бат эле кайра тарачу, ак көңүл эле. Жоктугун ойлогон сайын ичим ачышат. Дайыма акыл-наасатын айткан эжекемен айрылдым. Жибек, сиздин жаркын элесиңиз эч качан унутулбайт. Жаткан жериңиз жайлуу болсун!

Аэлита Акжолова,

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкери

От нас уходят лучшие

Не думал я, что так рано пойму эту истину… 6-го октября вечером раздался звонок и на том конце провода моя хорошая подруга сквозь рыдания сказала: “Жибек попала в ДТП со смертельным исходом”… Оказалось, что нашу Жибек в микрорайоне “Асанбай” сбила “маршрутка”. Для статистики еще одна жертва на дороге, но для близких и друзей…

Жибек Исмаилова была ярким и целеустремленным человеком, долгое время работала в правозащитном движении, занимаясь прежде всего борьбой с пытками. Ее отличала верность делу и друзьям. Может поэтому ей постоянно звонили те, кто попал в беду, прося о помощи. В начале она представляла правозащитный центр “Кылым шамы”, а последние годы работала в Национальном центре по противодействию пыткам. И всегда была нетерпима к любым формам несправедливости, кто бы их не проявлял. Боролась, действовала, не отступала.

Она была одна из тех, кого можно причислить к новой элите Кыргызстана. Не в смысле молодежи, которая в силу богатства, доставшегося от родителей, не знает, чем себя занять, а в смысле молодежи, которая может вывести страну из состояния застоя. Благодаря верности принципам, страна потеряла еще одного яркого молодого человека.

Но тяжелее всего потеря родителей. Жибек была первым ребенком и ненужно объяснять какое горе настигло семью.

Эта трагедия в очередной раз заставляет задуматься сколь сложна для Кыргызстана проблема дорожной безопасности. Количество погибших сопоставимо с войной. На должном уровне власть ничего поделать с этой бедой не в состоянии, а коррупция заставляет закрывать глаза на купленные права и бесчинства водителей маршрутных такси. Нужна национальная программа профилактики, нужно ужесточение мер ответственности, особенно для водителей “маршруток”. Пора наконец реализовать проект “Безопасный город”. Столько лет об этой идее в Кыргызстане говорят, говорят и говорят. Но ничего не происходит. Опять же виной всему тотальная коррупция, желание чиновников нажиться от тендеров. Даже в столице соседнего Таджикистана камеры на дорогах смогли установить повсеместно, что заставило водителей начать соблюдать правила дорожного движения. А у нас лишь слова…

Жибек не вернешь, но внятная программа со стороны государства, участие в решении проблем на дорогах со стороны гражданского общества, всех неравнодушных граждан могут спасти сотни людей. Давайте действовать.

А мы, ее друзья, будем всегда помнить Жибек.

Покойся с миром, родная наша подруга и соратница!

Тимур Шайхутдинов

Коллегалар көңүл айтат

Бүгүн жумушка жүрөгүм ооруп келди. Мен азыр эле Жибекти сагынып кеттим. Экөөбүз жасай турган жумуштар арбын эле. Сени менен өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында болдук, бирге жашап,уктап, иштедик. Жибекти тааныгандардын баарына көңүл айтам. Ондогон сааттардан кийин гана сен эмижок экениңе араң көз жетип, кайгырып олтурам. Ажар, коллегасы

***

Ты была человеком, которая излучала свет, ты всегда могла поддержать, умела сопереживать, отдавала всю себя работе. Мы даже не успели заметить, как ты стала неотъемлемой частью нашего маленького коллектива. Я буду сильно скучать! Аяна Алсейитова, коллегасы

***

Бул дүйнөдө эч нерсе туруктуу эмес экен. Ооба, орду толукталгыс жоготуу болду. Бирок, биздин колубуздан эч нерсе келбей тургандыктан, Жибектин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз, сабырдуу болушсун. Жибектин жаткан жери жайлуу болсун! Билип билбей кетирген күнөөлөрүн Аллах өзү кечирсин. Айнура Нурдиновна, коллегасы

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: