Menu

Кыргызстан “тайгак ашуу, тар кечүүгө” кептелип турганда Сооронбайдын өкмөт башчы болуп келишинин өзү да сыноо, чоң жоопкерчилик

Бөлүшүү:

“Кызыл директорлуктан” мамлекет башчылыкка чейин көтөрүлгөн личносттор тарыхта абдан көп кездешет. Алыс барбай аларга назар салсак, бири А. Лукашенко болсо, экинчиси И. Рахмон. Адам пенденин жашоо шартынын жакшырышына эмне зарыл экенин мына ошол кызыл директорлорчолук эч ким билбесин турмуш чындыгы далилдеп келет. Мына ошондой кызыл директорлуктан өкмөт башчылыкка чейин ак эмгеги менен жеткен инсандардын бири Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков карапайым элдин дилиндеги ак тилегин туйуп, аны айттырбай – ак иш жүзүндө аткарып келген адил жетекчи. Кээ бир ММКлар жазгандай, Жээнбековдун Кыргызстандын сырткы карызына эч кандай тиешеси жок. Чейрек кылым саясатта жүрсө да, ал эч качан интригага аралашпай, эл үчүн эмгектенген тажырыйбалуу мамлекеттик ишмер. Бирөөнү жок жеринен күнөөлөп, андан саясый упай топтогонго да аракет жасаган эмес. Карапайым элдин катмарынан суурулуп чыгып, кыйын кырдаалда Өкмөт жетекчилигине келди. Айыл-чарбасын, өндүрүш тармагын бүгүн андан мыкты билген адис Кыргызстанда жокко эсе.

Ал кандай мезгилде болбосун эл алдында жүзү жарык иштеп келди. Бир да жолу Сооронбай Жээнбеков өзүнө берилген кызматты аткара албай, мүчүлүштүк кетирип кызматтан кеткен эмес. Өз кызыкчылыгы үчүн мамлекет башчыларга жагалданып-жагынып, карапайым элдин катмарынан оолактап да кеткен эмес. Ал дайыма эл менен бирдикте, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн болгон аракетин жумшап, үзүрлүү эмгектенип келет. Бакиевдин учурунда да жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштеп туруп, бирок Атамбаевди саткан эмес. Сооронбай Жээнбеков “атылгандардын катарында болсо да, сатылгандардын катарында болбой турган” кыргыздын мекенчил мыкты жигиттеринин бири. Бүгүн Кыргызстан “тайгак ашуу, тар кечүүгө” кептелип турганда Сооронбайдын өкмөт башчы болуп келишинин өзү да сыноо, чоң жоопкерчилик. Ал ошол жоопкерчиликти сезип, эч кандай саясатка аралашпай, кризиске кептелген мамлекеттин экономикалык абалын жакшыртуунун үстүндө эс алууну билбей эмгектенип келүүдө.

“Сен саясат менен алек болбосоң, анда саясат сени менен алек болот”- дегендей, Сооронбай Жээнбековдун күнөөсү, анын саясаттан оолак болуп, аткаруу бийлигин алга сүрөп, өндүрүшкө көңүл бурганында болуп жатат. Аны көрө албаган бир ууч топ айласы кетип, анын ишмердүүлүгүнө ар кандай саясый боёк сүртүп, президентке жек көрсөткүсү келип жатканы байкалууда. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет”- дегендей ордо оюнчуларынын кутумдук иш аракеттерине көңүл бөлбөй, эч нерсеге алагды болбой өз ишин мыкты аткарып жаткан Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Шариповичтин алдыдагы ишине  ийгилик каалап кетмекчибиз. Ушул калыбыңыздан жазбай, эл үчүн бай тажрыйбаңызды сарптап иштей бериңиз Сооронбай Шарипович! Баарына эл тараза.

К.Байматов,

 Бишкек шаары

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: