Menu

Акылбек Жапаров, ЖКнын депутаты, “Бир Бол” фракциясы: “Элге үлгү бол деп айлык төлөп берсек, алар арак ичип жүрсө такыр жарашпайт”

Бөлүшүү:

— Акылбек Үсөнбекович, мас абалындагы айдоочуларды катуу жазалай турган мыйзам иштеп чыгыптырсыз. Автору өзүңүзсүзбү?

— Бул мыйзамдын авторлору Алтынбек Сулайманов экөөбүз, бизге Жанар Акаев кошулду. Тилекке каршы азыр экономикабыздын абалы көп жакшы эмес. Бул жагынан Тажикстандан ат чабым артта калдык. КМШ мамлекеттеринин ичинен жол кырсыгы, адамдын өлүмү боюнча биринчи орунга чыктык. Кырчындай болгон жаш кыздарыбыз, балдарыбыз каза болууда. Миңге жакын киши оор жаракат алса, он миңге жакын киши майып болуп калууда. Мындай көрсөткүчкө Афганистанга биздин аскерлер кирген учурда дагы учураган эмеспиз. Ошондуктан тартипке салышыбыз керек. Дагы бир статистиканы алсак 1 млн 300 миңге жакын үй-бүлөгө 1 млн 38 000 машина катталган. Ар бир үй-бүлөдө бирден машине бар. Колунда барлардыкында эки-үчтөн машина болуп кетти. Жолдогу тартипти оңдобосок, коомдогу тартип оңолбошуна менин көзүм жетти. Ошондуктан Алтынбек Турдубаевич менен акылдашып, дүйнө жүзүндөгү атайын тажрыйбаларды карап чыктык. Ошонун ичинде биздикиндей мыйзамдар Данияда бар экен. Ал эми КМШ мамлекеттеринин ичинде Белорусия мамлекетинде бар экенин байкадык. Биз эки тараптуу мыйзам жазып жатабыз.

— Кандай эки тараптуу?

— Биринчисинде, эгерде биринчи жолу мас боло турган болсоң анда мас болгон кишини тарбиялаганга аракет кылабыз. 5 жылга чейин айдоочулук күбөлүгүн мыйзам боюнча өкмөт укугунан ажыратат. Чоң суммадагы айып пул төлөнөт. Экинчи жолу дагы мас абалында кармала турган болсо анда түбөлүккө айдоочулук күбөлүгүнөн ажырап, машинасы мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилет да аукционго коюлуп сатылат. Эгерде машиненин ээси ким болбосун уурдалды деп катталбаса ал машина аукциондон сатылып кетет да акчасы жол кырсыгына учурагандарга же болбосо жолду оңдогонго кетет. Мына ушундай мыйзамды кыргыздын жарандарына коюп жатабыз. Демократиялуу мамлекет болгондон кийин өзү тандап алсын. Же жүз грамм арак ичсин, же рулга арак ичпеген үй-бүлөсүнүн мүчөсүн олтургузуубуз керек. Жакында бир-эки радио берүүгө катышсак, колунда жокторго кыйын болуп калат го дейт. Мен дайыма “колунда барларга караганда колунда жоктор он эсе тырышчаак, арактан алыс, он эсе көп иштемейинче кедейчиликтен чыга албайт”- деп айтып келем. Ушуну баса белгилеп кетем, 25 жылдан бери биз капитализмди куруп жатабыз. Менчик бул үй-бүлөгө таандык. Үй-бүлөнүн баары чогулуп алып ушул мыйзамга кол кабыш кылсын деп жатам. Анткени машина алыш үчүн канча жылдар бою акча топтойбуз. Ошондуктан арак ичпеген кишини рулга олтургузганга бүт коомчулук киришиши керек.

— Укук коргоо органдары ич ара акча ала коюп аларды бошотуп жиберсечи?

— МАИ кызматкелери мас айдоочуну токтотуп, бирок мас абалында коё берип жиберсе ал барып жол кырсыгына учураса, ошол укук коргоо органында иштеген кызматкерлер жумушунан беш жылга чейин четтетилет.  Эгер экинчи жолу мас айдоочуну коё берип жибере турган болсо, укук коргоо органында иштегенге таптакыр мүмкүнчүлүгү жоголот. Биз кызматкерлерди дагы тарбиялайлы деп жатабыз. Көп учурларда укук коргоо органдары, депутаттар, алардын жардамчылары болобу күбөлүгүн көрсөтүп кете беришет. Биз ошолордун баарын 3 жылга чейин жумушунан чектөөсүн сунуш кылып жатабыз. Анткени, бюджеттен айлык алып жатса, элге үлгүлүү болушуң керек деп жатабыз. Эгерде сен арак ичип жол тартибин бузсаң анда сен өкмөттүн жумушун деле кыйратып аткара албайсың деп биринчисинде 3 жылга чейин жумушунан четтетип, кийинкисинде таптакыр иштебей турган кылуу мыйзамын сунуштап жатабыз. Бул мыйзам ишке кирип калса бир дагы атка минер жумушунда олтура албайт. Деги эле бюджеттен акча алып иштеп жаткан кишилер арак ичип рулга олтурбашы керек. Бизде 6 млн калкыбыздын 345 000 кишиси бюджеттен акча алып иштейт. Биз аларга айлык берип, элге үлгү бол деп айлык төлөп берсек анан алар арак ичип жүрсө такыр жарашпайт. Арагын ичип, өкмөттүн жумушунан чыгып күрөк менен жер казсын. Мына ушундай катуу талаптарды коюп жатабыз. Белоруссияда 5 машина мамлекетке өткөрүлүп аукционго коюлуп сатылып кеткенден кийин трактористтер да ичпей калышыптыр. Биз тартипти ордуна койбой турган болсок башка жерде деле тартип орнотуп кыйрата албайбыз. 20% арак ичип алгандар 80% жол кырсыгын жасашат. Мындан сырткары ылдамдыктарды көбөйтүп жиберип жатышат. Бул жерде МАИлер эмес, техника иштеши керек. Биз Сокулукка киргендерди байкоо жүргүзүп жатабыз. Камера турса, айдоочу тартынат. Кадимкидей жол эрежесин бузгандар азайып кетти. Бизде жыл сайын өкмөт алмашат. Жыл сайын ушул багытта иш алып барыш үчүн тендер өткөрүшөт. Бирок дагы деле аягына чыга элек. Мен муну Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерине өткөрүп берели деп жатамын. Машина көп эки чоң шаарды тартипке келтирип койсок, калган шаарларды ишке ашыралы деп жатабыз.

— Айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар тартипти көбүрөөк бузуп жатышпайбы? Окушпайт, эрежелерди көп билишпейт дегендей?

— Ошол эле комплекстүү иш чараларды сунуш кылып жатканда кошумча өкмөткө сунуш беребиз. Айдоочулук күбөлүк алгандан баштап, жолдо айдоо эрежелерине өзгөртүү киргизсе болот. Жолдун жээгинде парковкалар жок болгондуктан ар кайсы жерде машиналарын таштай беришип, башка машиналар жүрө албайт. Душанбеде эч ким жол эрежелерин бузбай калышыптыр. Анткени аларда коопсуз шаардын эрежелерин киргизишиптир. Эч ким мыйзамды бузбайт. Алматыда деле ошондой. Азыр бизде жол боюнча эле алганда тартипке, мыйзамга баш ийбеген анархиянын өлкөсү болуп кеттик. Көптөгөн Эл аралык жүк ташуучу машиналар дагы Кыргызстанга киргенде өтө абайлап айдагыла, ал жакта айдоочулар мас болуп айдайт, эч нерсени карашпайт деп айтып жатышат. Ушундай жаман жагыбыз менен таанылып жатканыбыз туура эмес деп эсептейм.

Бетти даярдаган Баян Кулова

Булак: Жаңы Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: