Кыргыз өкмөтү Максим Бакиевден 20 миллион фунт доону өндүрүүнү процессуалдык жагдайларды тактаганга чейин убактылуу токтоткону маалым болду. Айрым адистер бул жагдайды Кыргызстан эл аралык сотторго катышуу, доо өндүрүү иштеринде тажрыйбасыздык кылып жатат деп баалашты. Эске салсак,
Өкмөткө караштуу Сот өкүлчүлүгү борборунун маалыматы боюнча ушул жылдын апрель айында Социалдык фонд менен Өнүктүрүү фондунун атынан Лондондогу Жогорку сотко арыз жөнөтүлгөн. Анда Максим Бакиев менен “Азия Универсал Банк” жабык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мурунку жетекчиси Михаил Надель бул фонддорго ири каржылык зыян келтирген, мунун айынан “Азия Унверсал Банк” банкрот болгон деген айып тагылган. Максим Бакиевге Социалдык фонддун “Азия Универсал банктагы” эки миллиард сомун кымырып кеткени боюнча кылмыш иши козголуп, 2014-жылы сот аны сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан. Аны менен кошо бул банктын Директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Надель менен MGN group компаниясынын жетекчиси Евгений Гуревич да айыпталган, экөө тең 25 жылга сыртынан кесилген. Сот алардын үй-мүлкү конфискацияланып, үч миллиард сом өндүрүлсүн деген чечим да чыгарган болчу.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ