Menu

Мавлян Аскарбеков, “Эркин Эл” саясый партиясынын лидери: “Конституцияны өзгөрткөн менен элдин жашоосун өзгөртө албай калышты”

Бөлүшүү:

Бийликке каршы күчтөрдүн өткөн жумада Башмыйзамды өзгөртүүгө каршылык көрсөткөн Курултайы болуп өттү. Уюштуруу иштери менен алагды болуп, “Референдумга жол жок” кыймылына активдүү мүчө болуп жаткан Мавлян Аскарбековго Курултайдын күнгөй-тескейи боюнча учкай суроолор менен кайрылдык.

— Мавлян мырза, “Референдумга жол жок” аттуу кыймылга активдүү катышып, Курултай өткөздүңүздөр.  Курултайдан жыйынтык чыгарына ишенесиңерби? Силер канчалык чыркыраганыңар менен референдум буюрса өтөт. Анда силердин кийинки кадамыңар кандай болот?

— Биз бир нече иш-чараларды пландаштырып, өткөзүп жатабыз. 5-октябрь күнү Кыргызстандын булуң-бурчунан 180ден ашуун жаңы муун өкүлдөрүн чакырып, “Жаңылануу” республикалык Конгрессин өткөздүк. 8-октябрь күнү Улуттук Курултай өткөздүк. Бул аракеттердин баары бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан ыплас, элибизге каршы саясатын түшүндүрүү, элибизге, мекенибизге, улуттук коопсуздукка жаралып жаткан коркунучтарды айтуу. Өзүңөр көрдүңөр, экономика толук талкаланды, тышкы саясатта кыргыз мамлекети жалгыз калды. Эч бир мамлекет биз менен алака түзбөйт, социалдык абал оорлоп, элибиз жакырланууда. Коррупция күчөп, элге салынган салыктардын түрү, өлчөмү көбөйдү. Мындай шартта бийлик эл камын ойлогондун ордуна референдум, Конституцияны өзгөртүүнү, бийликте эптеп калып калуунун камын көрүп жатат. Акаев, Бакиев да референдум, Конституцияны өзгөртөөр алдында элди алдап, “жашоо өзгөрөт, өнүгөбүз” деп, жыйынтыгында бийликтерин гана күчтөп келишкен. Абсолюттук бийликке жеткен Бакиев да арам бийлигин сактап кала алган эмес. Бул бийлик референдум өткөзүп, Конституцияны каалагандай өзгөртүп алганы менен карапайым элдин жашоосун өзгөртө да, оңой да албайт. Кыргызда жакшы сөз бар “күз бар, жаз бар” деген.

Курултай өткөргөнгө канча каражат кетти? Аны кимиңер көтөрдүңөр?

— Курултай өткөрүүгө көп каражат кеткен жок. Орус драма театрынын төрт сааттык ижарасы, бир баннер, өкүлдөргө таратылуучу мандатка гана каражат кетти. Бул каражатты уюштуруучулар чогуу чыгардык. Келген өкүлдөргө, меймандарга жол киресин, жатагын, тамагын камсыздаган жокпуз. Баардыгы өздөрү келип катышып кетишти.

— 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине карата шайлоого өзүңүздүн “Эркин Эл” партиясын жетектеп чыктыңыз эле. Бул жолу күздө өтүүчү шайлоого аттанасыңарбы? Же өткөн шайлоо менен “желиңер чыктыбы?”

— Биздин шайлоо олигархтардын, чала бандиттердин жана кечээки арам акчаны топтогон коррупционерлердин таймашына айланып калды. Мындай шартта шайлоого катышып, таза адамдар утуп чыгат деп айтууга болбойт. 2012-жылы “Эркин Эл” саясый партиясы өз алдынча шайлоого катышып, бардык ыпластыкты ичинен көрүп, шайлоо – бул фиксия, элди алдоо экенин түшүндүк. Ошондо жеңип келген шаардык депутаттардын кейпин караңыз, шаар тургундарыбыздын эч кимиси тааныбайт. Шаардык депутаттардын дээрлик баардыгы кайсы мэр келсе ошонун оозун карап, “ыргыткан сөөгүнө” ыраазы болуп, эптеп оокаттарын өткөзүшүүдө. Шайлоо алдында топтогон арам акчаларын, кошуна-колоңдорго чай уюштуруп, көчөлөрүн шыпырып, свет коюп, асфальттап, цементтей коюп добуш алуу аракетин көрүшүүдө. Төрт жыл отурган бул депутаттар шаарыбыздын көйгөйлүү делген маселелерин чечиштиби? Жок! Бала бакча, мектептеги коррупция, орун жетишпегендиги, оорукана, дарыгерлер маселеси, коомдук транспорт, жол тыгындары, жаңы конуш маселелери, жерлерин тактай албай жүргөндөр канча?

Бетти даярдаган Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: