Ак үйдөгү «жакшылар» ак болсун, кара болсун бизди коргосо болду дегендей Текебаевге каршы сүйлөчүлөрдү куп сүрөп, эми парламентке да ошондой кишилерди тарта баштагандай. Маселен, айрым билермандар кайсы маселе болбосун бийликтегилерди баш-оту менен коргой алчу Ирина Карамушкинага мандат ыйгаруу саясаты да ошол сценарийдин бир бөлүгү экенин кыйытууда. Анан кантишсин, сүйлөйт деген депутаттары керек учурда керектүү сөз айта албай аңдан-дөңдөн дөөрүп кирсе, башкалары оозуна талкан салгандай балыктан бетер унчукпай отурса. Эми ушул эле сценарий менен өйдө жактагылар «Республика-Ата-Журт» фракциясына Текебаевдин элдешкис оппоненти, мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевди алып келүүгө катуу ынтызар болуп жатканын да кулагыбыз чалып калды.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ