Menu

Арданган Адамкулова, чычалаткан биз…

Бөлүшүү:

Ушу тапта “Фабула пресс” басылмасынын үстүнөн  баарыбыз окуп бүткөн, алтын уябыз Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин төрайымы Чынара Адамкулова Ленин райондук сотуна “Жарандын ар-намысын, кадыр-баркын ишкердик беделин коргоо жана моралдык зыянын компенцациялоо жөнүндө ” арызын жазып, натыйжада бул иш Фемида өкүлдөрү тарабынан кабыл алынып, карала баштады.  Көрсө университеттин ректору биздин басылманын №50 санына чыккан “Алкымы чоң Адамкулова, алсыз министр” деген макалабызга арданып, макалада айтылган кеп-сөздөн кийин беделине шек кетип,  кадыр-баркы ошол күндөн ушул күнгө төмөндөгөндүн үстүндө болуп, эл карай албай, моралдык жактан “сынып” калыптыр…

Кокуй, кайдан да, эмнени жаза койдук эле деп макалага көз жүгүртсөк, ал жерден анчалык деле жүрөктү түшүрүп “ап-аптай” турган одоно, ойдон чыгарылган, ректор айымдын кадырын күбүп күлгө айландырчу атайын каралоо, жаман атты кылуу, жалаа жабуу деген жок экен. Болгон ачуу сөз – “Бир жылдан ашуун убакыттан бери кыргыз билим берүү системасында өз орду бар, жогорку окуу жайлардын флагманы болуп келген Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин ректору болуп Чынара Адамкулова шайлангандан бери окуу жайда чыр бүтпөй келет. Бүтүндөй окутуучулар жамааты каршы болуп, билим берүүчү агай-эжелер ректордун интригаларынын арты менен уйдун бөйрөгүндөй бөлүнүп, тараптар арызданбаган орган деле калган жок. Бирок буга өкмөт, парламент өзү киришип дагы чекит кое албады. Анткени азыркы  ректор анык ажыдаардын нак өзү көрүнөт”, бүтүндөй бийлик вертикалын чымын чаккандай көрбөй өз билгенин жасоододеп жазганыбыз профессордун безине тийиптир. Ошондой эле биз эмес бир катар ММКларга чыккан, окутуучулар жамааттары өздөрү кайрылуу катары жарыялашкан макалалардагы каржылык маселелер, институттардын лизенциясы, сырттан окуган студенттердин келишимдик негиздеги акча которуулары, окутуучулардын бирин-бирин жамандоосу жана башка толгон токой фактылардын баарын Чынара Адамкулова жалганга чыгарып, анын мындан аркы ректор катары ишин улантууга “Фабула пресстеги” ошол макала чоң тоскоол жаратып “колун байлап”,  коомчулук аны “сүткор” катары таанып, натыйжада “нравалык азап чегүүлөргө тушуккан” ага  гезиттен сот өндүрүп бере турган 1 млн. 758 миң 310 сом гана жардам болуп, кеткен кадырын кайра ордуна кайтарып келээри айтылган экен. Ооба, бул жерде ажыдаар деген “коррупция” деген эле түшүнүк. Мындай сыпатталышты президентибиз Алмазбек Атамбаев киргизип, “Коррупция деген жети баштуу желмогуз” деп айтканы бар. Андыктан улуттук университеттеги каржылык, кадрдык мыйзам бузуулар боюнча далай жазылып, айтылып, бирок ага не укук коргоо, не фискалдык органдардын жетиштүү реакция жасабаганы, окуу жайды так ошол жети баштуу желмогуз ээлеп алганбы деп шекшидик да. Бирок “Адамкулова жети баштуу ажыдаардын нак өзү” деп аны 100 пайыз коррупционер кылып салбаптырбыз. Болгону боолголоп, “ай, ушул жерде бирдеме бар окшойт” деппиз. Анын эмнесине чычалаш керек?!

Ошону менен келерки жумада экинчи ирет сот отуруму өткөнү турат. Биз дагы өлкөдөгү кадыр-барктуу, салмактуу басылма катары соттон Чынара Адамкулова тараптан кечирим суроого эмес, ага айткан-дегендерибизди негиздей турган кагаздарыбызды иреттеп шайма-шай турабыз. Анткени сырттагы бизди мындай кой, ошол окуу жайда эмгектенип жаткан жүздөгөн окутуучулар өздөрү бизге “баалуу” кагаздарды эчак эле жеткирип, ректор танып кете алгыс аргументтер колубузга жеткен соң жогорудагыдай макалалардын бир эмес, бир нече сериясын жазганбыз. Керек болсо, азыр дагы ректордун реформаларын сындаган макалалар күн сайын кат куржунубузга түшүп,  маалыматтык боштугубузду толтуруп жатышат. Ал арада ректордун ишмердигин караган депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы да дайын болуп, анда биз жазган фактылардын иш жүзүндө болгондугу тууралуу далилдер жетиштүү болуп калганы туру.

Баса окуу жайдын эсебинен өзү чет өлкөдө жүрүп Кыргызстанга телефон чалып, 15 миң сомго сүйлөшүп койгонун Чынара Адамкулова өзү деле тастыктаптыр болчу. Ошондой эле каржылык мыйзам бузуулар боюнча башкы бухгалтер баштаган кызматкерлердин үстүнөн иш козголгону да факты. Кадрдык дайындоолорундагы калпыстык боюнча өткөн саныбызда кеңири жазып чыгардык. Окуу жайдагы кыбыр эткен каржы кыймылын бир гана банк аркылуу жүргүзүү, студенттерге турникет алабыз деп салык салуу боюнча биз эле эмес, ЖКнын депутаттары да маселе көтөргөн. Демек Чынара Адамкулова биз менен соттошо турган болсо мына ошолордун баарын менен соттошуусу мыйзамга ылайык. Андыктан а дегенде ИИМден КУУдагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча ачылган кылмыш ишти жаптырып, депутаттарды кечирим суратып, андан кийин анан биз менен маселени териштирип алса оң болоор. Баса, биз дагы сотко келе жатканда ректордун иштөөгө жарамсыздыгы боюнча саламаттык сактоо мекемелеринен тастыктамасын, аброюнун төмөндөп кеткени боюнча окуу жайдан соцопрос, “ректордун шыкагы жок эле өзүбүз бөлүнүп-жарынып жатабыз” деген мугалимдердин түшүнүк каттарын ала келүүсүн суранып коелу, алдын-ала. Сотту создуктуруп не керек?!

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: