Menu

Филармония 80 жашта, ырчылар эмне дешет?

Бөлүшүү:

Маданияттын очогу болгон Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармония быйыл 80 жашта. Эске салсак, 1936-жылы 29-октябрда ырчы-чоорчулардын коштоосунда филармония түзүлгөн. Андан бери нечендеген суулар акты. Далай ырчылардын көзү өттү. Жаңы ырчылар менен филармониянын сахнасы толукталды. Бүгүн биз дал ушул 80 жылдыкка карата аталган жайда эмгектенген айрым ырчыларды кепке тарттык…

Анарбек Ибраев, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты:

-Филармонияда иштеп жатканыма быйыл 45 жыл болду. Башында эле К. Орозов атындагы Эл аспаптар оркестринде ырчы болуп баштагам. 45 жылда оркестрде бир топ өзгөрүүлөр болду. Төрт  дирижер жетектеди. Азыр төртүнчү дирижер Сагынбек Акматалиев менен иштешип жатам. Мисалы, башында иштешкен Төлөгөн Томотоев өзүнчө кайталангыс кайрыктары, ырлары менен элдин эсинде калды. Ал кишинин ырларын мен азыркы күнгө чейин ырдап жүрөм. Эсенгул Жумабаевдин мыкты күүлөрү калды. Сардарбек Жумалиевдин да керемет ырлары бар. Азыр Сагынбек Акматалиев заман талабына ылайыкташтырып квартет менен жана башка музыкалык аспаптардын коштоосунда  ырдагыдай кылып жакшы жаңылык киргизип жатат. Ырчыларды ошол аспаптардын коштоосунда ырдоого көндүрүүдө. Бул дагы өзүнчө эрдик. Ырчылардын көбү мурдагыдай болбой, жандуу үн менен ырдап калышты. Бул дагы Улуттук филармониянын жетишкендиги. Сахна жаңыланып, тактай полго килем төшөлүп, гриммденчү бөлмөлөрүбүз жаркырап, иштегибиз эле келип калды. Иштеген жериң жаркырап турса, колдогон киши болуп турса, шарт болсо иштегиң келет экен. Шарты жок болсо, баалаган киши болбосо албетте иштен качып, иштегиң келбейт. Айтаарым 80 жылдык мааракебиздин алдында көбүбүздүн маанайбыз жакшы. Буюрса мааракебизге жакшы даярдык көрүп жатабыз. Элибизде тынчтык болсун! Өлкөбүздө ыр гана жаңырып туруусун тилейм.

Гүлсүн Мамашева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:

– Жашым жетимишке келди. Өмүрүмдүн теңинен көбү дал ушул Улуттук филармониянын сахнасында  өттү. Ага чейин концертти ырчылар азыркы Панфилов паркында үстү жабылган аянтча бар болчу, ошол жерге тартуулачу элек. Бирок анда мыкты артисттер бар эле. Алар элди кайда болбосун чакырып алчу. Алар концертти кайда койсо, эл ошол жерге толуп келип көрүшчү эле. Мен филармонияга 1971-жылы келдим. Ага чейин Нарын театрында иштечүмүн. Мен келгенде К. Орозов атындагы Эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру Асанкан Жумакматов болчу. Ал киши оркестрди гүлдөтүп жаткан кези экен. Орскестрдин солисттери Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушева, Сабира Суранчиева, Салмоорбек  Шералиев ж.б. болчу.  Мына ошол залкарлар менен бирге иштеп калдым. Ошол доордогу ырчылардан саналуу эле калдык. Алардын бири менмин. Былтыр жетекчибиз К. Осмонов ошол учурдагы гүлдөгөн артисттердин баарынын башын бириктирип, “Кылым коштоп көөнөрбөгөн ыр дүйнө” деген аталышта чоң концерт уюштуруп, өзү алпаруучу болду. Ал концертти бир эмес үч жолу элге тартууладык. Жаңы жылдын   астында дагы элге тартуулайбыз. Ага Зейнеп эже, Гүлмайрам эже, Келдибек Ниязов, Алтынбек Сапаралиев, айтор эски муундагы ырчылардын көбү катышып жатышат. Эл эски ырчыларды, эски ырларды абдан сагыныптыр. Концертке келгендердин саны өтө көп болууда. Бул да болсо, Кыргызбайдын уюштуруу жөндөмүнүн жогорулугу, ишти билгени десем болот. Андан тышкары маданият министри болуп иштеген Алтынбек Максүтов деген жигит чынында таланттуу жигит экен. Кыргызбай жетекчи болоору менен эле 2014-жылы А.Максүтовду башкы режиссер кылып дайындады. Ал ишке кирген күндөн тартып эле филармонияда боло элек иштерди жасап баарыбыздын оозубузду ачырып салды. Баарыбыз тең ишке тартылып, иштегибиз келип баштады. Биз ойлобогон концертти уюштуруп, баарыбызды тээ эски сагынган доорго жетелеп, аны сахналаштырып элге тартуулап салдык. Анан көп өтпөй эле министр болуп кетти. Алтынбек  азыр 80 жылдык мааракеге карата бизди даярдап жатат. Дагы өзгөчө даярдоодо. Кыскасы режиссер жакшы болсо, анан жетекчи жакшы  болсо иш абдан жакшы болот экен. Мен муну азыр түшүнүп жатам.

-Салима Балтаева, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын ырчысы:

-Эки-үч жылдан бери филармониянын артисттери башкача өңүттө иштеп жатабыз. Мисалы, мурда элден оолактап  калган элек. Азыр эл, жер кыдырып концерт берип жатабыз. Эл бизди абдан сагыныптыр. Биз дагы гастролдоп концерт бергенди сагынган экенбиз. Былтыр Көлгө, Ошко, андан кийин Казакстандын Алматы шаарына жалпы жамаатыбыз менен барып концерт тартуулап келдик. Азыр болсо 80 жылдыкка даярданып жатабыз. Негизи ырчы болгондон кийин төрт дубалды тиктеп эле отура бербей, эл аралап концерт бериш  керек. Бирок жер кыдырыш үчүн шарт керек. Шартты жетекчибиз К. Осмонов түзүп берип жатат. Талабы да катуу “Иштегиле, эл аралагыла, элдин руханий байлыгын көтөрөлү” – деп дайым иш үстүндө.

Улан Зайнидин уулу, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын адабий бөлүмүнүн башчысы:

-Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин жарлыгы менен жарыяланган “Тарых жана маданият жылына” карата калкты улуттук жана дүйнө элдеринин көркөм өнөр маданияты менен кеңири тааныштырып, табитин жогорку деңгээлдеги искусствого тарбиялоо максатында быйылкы жылы көптөгөн долбоорлор иштелип чыкты. Республикабыздын аймактарында улуттук көркөм өнөр маданиятыбызды кеңири жайылтып, жалпы жумурай журтка ыр-күү тартуулоо максатыбызды ишке ашыруу менен Ош шаарына жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына жасаган ири деңгээлдеги чыгармачыл иш-сапарыбызга Улуттук филармониянын 300дөн ашык чыгармачыл өнөрпоздору катышып, өлкөбүздүн региондоруна көп жылдардан берки үзгүлтүк болуп калган чыгармачылыктын чыйырын жаңыртып, журтчулуктун колдоосуна ээ болду.

Мындан сырткары атайы белгилей кетүүчү эл аралык маанидеги чыгармачылык иш сапарларыбызды санай кетсек: М.Ауэзов атындагы Казак Мамлекеттик академиялык драма театрында болуп өткөн Кыргыз улуттук филармониясынын 350 чыгармачыл өнөрпоздору катышкан чоң программадагы гала-концерти боордош казак журтчулугунун сүймөнчүлүгүнө татып, кыргыз – казак элинин бир туугандык – достугун бекемдеген маданий көпүрөнүн түркүгү болуп, эки улуу элдин тарыхый биримдигин келечек муунга таанытып, даңазалоо вазийпасын аткарды деп ишенебиз! Кувейт мамлекетиндеги болуп өткөн КР Маданият күндөрүндө Улуттук филармониянын чыгармачыл жамааты маданий иш-чаранын өзөгүн түзүп, кыргыз элинин көркөм өнөр маданиятын боордош кувейт элине тартуулап кайтышты. Түркия мамлекетинде Стамбул шаарында болуп өткөн “Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы” да Улуттук филармониянын жардамы менен даярдалып, түрк дүйнөсүнүн улуу ойчулу Жусуп Баласагындын образын КР Эл артисти Кыргызбай Осмонов Баласагындын айтып кеткен улуу ойлорун көркөм окуу аркылуу ачып берди.

Улуттук филармония бүгүнкү күндө да чыгармачылык сапарын карытпай, кыргыз улуттук көркөм өнөр маданиятын дүйнө элине даңазалап келүүдө.

“Камбаркан” фольклордук тобу Кытай Эл Республикасынын  Шанхай шаарында өткөн  “33-Жаз майрамы” Эл аралык улуттук ыр-күү фестивалына катышып лауреат болуп кайтышты. Түркмөнстандагы Кыргыз Республикасынын маданий күндөрү Улуттук филармониянын чыгармачыл жамаатынын күчү менен даярдалып, ири ийгиликтер менен өттү. Н.Түгөлов атындагы Мамлекеттик “Ак марал” бий ансамбли Франциянын Тулуза шаарында жана Италиянын Барселона шаарында болуп, Бүткүл дүйнөлүк “Дю Сюд” элдик бий өнөрүнүн фестивалына катышып, дүйнө элдерине кыргыздын улуттук бий өнөрүн тартуулоо менен бирге зор ийгиликтерге жетишип кайтышты.

Мына ушундай эмгек  аракетибизди эл баалап, бир катар ырчыларыбыз Эл артисти, Эмгек сиңирген артист болушту. Айрымдары президенттин Ардак грамотасына татышты. Аттарын атай турган болсок, КР Эл артисттери С.Жумалиев жана С.Садыкова аттуу аксакалдарыбыз III даражадагы Манас ордени менен; А.Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестрдин башкы дирижеру Р.Осмоналиев “Даңк” медалы менен сыйланышты. Ч.Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук ансамблинин башкы дирижору Р.Жумакунов,  кыргыз эстраданын аксакалы болгон  С.Каримов КРнын Эл артисти наамын алышса, төкмө акындар А.Кутманалиев, А.Болгонбаев, А.Туткучевдер жана ырчы кызыбыз Элнура Самарбекова КРнын Эмгек сиңирген артистти наамына ээ болушту. Улуттук филармонияга көптөгөн жылдар кызмат өтөп келген аксакалыбыз, концерттик бөлүмдүн башчысы В.И.Божко “КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамына ээ болуп олтурат.Жана ошондой эле эмгегин эл баалаган  өнөрпоздорубуз КР Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: