Menu

Калдарбек Бахтакунов, уролог: «Рейтер эркектин сийдик жолдорун, муундарын, көзүн жабыркатат»

Бөлүшүү:

Өз кесибинин мыкты адиси, көп жылдык иш тадрыйбасы менен коомчулукка таанымал №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун уролог-хирург дарыгери  Калдарбек Бахтакуновдон эркектердин көйгөйлүү оорулары туурасында суроолорубузга жооп алдык.

– Азыркы учурда эркектер сиздерге кандай оорулар менен көп кайрылышууда?

– Учурда көбүнчө жаштар жыныстык жол аркылуу жугуштуу оорулар, простатит, тукумсуздук маселелери менен кайрылышууда. Акыркы кездерде эркектердин тукумсуздугу көбөйүп кетти. Бизге кайрылган үй-бүлөлүү эркектерге, сөзсүз түрдө аялы дагы келип текшерилишин эскертебиз. Ал эми эркектердин спермограммасын текшерип, алардын канчалык деңгээлде активдүүлүгүн карап, андан кийин тукумсуздуктун себебин аныктайбыз.
– Тукумсуздукту дарылоого болобу?
– Тукумсуздуктун эки стадиясы болот. Биринчиси, эркектердин тукуму гормоналдык жактан бузулушу мүмкүн. Тукум чыга баштаганда гормондору аз болуп калат. Ал эми экинчиси, сезгенип ооругандан улам өөрчүшүп урук чыгаруучу жолдор тосулуп калат. Мисалы, простатит оорусунан улам да уруктардын активдүүлүгү төмөндөп кетет. Бул учурда эркекти толугу менен текшерип, этап-этап менен дарылайбыз. Тукумсуздукту айыктырса болот.
– Тукумсуздуктун негизги себептери кайсы?
– Тукумсуздук социалдык көйгөйлөргө да байланышкан. Кээ бир эркектер иштеген жерде химиялык заттар болот. Бул зыяндуу заттардын көпчүлүгү эркектерди тукумсуздукка алып келет. Андан сырткары суукка урунуу, сыз жерге отуруу жана ар кандай венерикалык ооруларды жуктуруп алганда же болбосо түгөйүнүн ресурстук фактору да туура келбей калышы мүмкүн.
– Ал эми простатит эмнеден келип чыгат?

– Простатит оорусу урук чыктагыч безине сийдик чыгаруучу каналдан, жоон ичегиден, жамбаштын кан жана лимфа тамырларынан сезгенген табарсыктан оору козгоочу микробдордун өтүп кеткенинен улам келип чыгат. Эгер эркек курч кармаган простатит менен ооруп калгандыгына карабастан дарыгерлерге кайрылбай жүрө берсе, анда урук чыктагыч безинде абсцесс (ириңдөө) башталат. Мындай учурда дененин температурасы 39-40 градуска чейин көтөрүлүп, заара кылуу кыйындайт. Бир канча убакыттан кийин урук чыктагыч без шишип чыгат да, заара чыкпай калат. Андыктан ооруга кабылган адам убакытты өткөзбөй дароо дарыгер урологго кайрылуусу кажет.

– Ооруга чалдыккан адамда кандай белги байкалышы мүмкүн?

– Биринчиден, ооруну сезүү табарсыктын үстүнө, чат, бел, чычаң тараптарга берилет. Дискомфорт болуп, уйку качат. Экинчиден, тез-тез сийип, жалган чакыруу сыяктуу болуп, табарсыкта сийдик калып калган сыяктанып сезилет. Үчүнчүдөн, жыныстык, сексуалдык бузулуулар байкалат. Уруктун тез түшүп калуусу, эрекциянын начарлашы билинет. Потенция ылдыйлайт, ал кетип, депрессияга кабылат. Өтүшүп кеткенде гемоспермия, башкача айтканда эякулят кан аралаш чыгат. Каликулит, везикулит оорулары кошулат. Көпкө дарыланбай жүрө берсе простатада петрификат топтолуп, ташка айланып калуу коркунучу туулат. Сперматогенез бузулуп, тукумсуздукка алып келүүсү мүмкүн. Сөзсүз урологго кайрылып тийиштүү анализдерди, простатанын секретин, бактериологиялык, цитологиялык изилдөөлөрдөн өткөрүү зарыл. УЗИден так аныктап, простатит же аденома экени, рак экени такталат. Атайын ПСА (простатспецификалык антигенин) анализ жасалат.

– Простатитке кабылуунун негизги себептерин жана дарылоо этаптарын айта кетесизби?

– Дененин суукка чалдыгуусу, аз кыймылдуулук, узакка чейин жыныстык катнашта болбо, ич катуу, денедеги иммунитеттин начарлашы, сезгенүүдөн келип чыккан оорулар, жыныстык жактан жугуучу жана урологиялык оорулар жана албетте сапатсыз күнүмдүк тамак-аштар себеп болот. Дарылоо узак убакытка созулат жана комплекстүү түрдө болот. Ар бир оорулууга индивидуалдуу түрдө анализдеринде чыккан инфекцияларына карап дары-дармектер жазылат. Бул оорудан оңой-олтоң дарыланып кетүү кыйын экени оорулууга түшүндүрүлөт, шаблон сыяктуу дарылоо жолу жок. Микробдордун флорасы аныкталгандан кийин антибактериалдык терапия, кан айлануусун жакшыртуучу дарылар, ферментативдик препараттар колдонулат. Эгер кабылдабаган простатит, абсцесс, аденома, рактын белгилери болбосо гана кан айлануусун жакшыртуу үчүн простатанын дренаждык функциясын жакшыртуу үчүн простатага бир мүнөттөн ашпаган убакытка массаж жасалат да, сийдик аркылуу тазаланат. Фаллодекомпрессия простатаны рефлектордук түрдө кан айлануусун жакшыртат. Инстиляция жолу менен керектүү дарыны уретрага 5-7 мл чейин куюп, чыгарбай туруп арткы уретраны чат аркылуу жеңил массаж жолу менен керектүү дарынын простатага түздөн-түз натыйжа беришине өбөлгө түзүлөт. Бул ыкманы инстиляциялык массаж деп айтабыз. Мындан сырткары прополис свечаларын да колдонобуз. Микроклизмалар көтөн чучукка ромашка, календула, пустырник, шалфейдин тундурмаларын 40 С 100 мл чейинки көлөмдө куюлат.

– Эркектерде кездешүүчү “рейтер” деген оору бар. Бул оору тууралуу кененирээк айта кетсең?
– Рейтер инфекциялык оору. Ооруну көптөгөн инфекциялар козгошу мүмкүн. Мисалы, дизентерия таякчасы, гонококк, вирустар, хламидий, спирохета ж.б. инфекциялар. Көбүнчө жаштар оорушат. Бул оору үч органды жабыркатат. Биринчиден, заара чыгуучу каналдары, муундарды жана көздү. Муундарга моноартрит, полиартрит, заара чыгуучу каналдарды, уретрит, простатит, цистит, пиелонефрит, көздө коньюктивит, увеит, кератит оорусун чакырып, көрбөй калганга чейин алып келет.

– Ооруну дарылоого болобу?

– Албетте дарылоого мүмкүнчүлүктөр бар. Оору 6-8 айга чейин эффективдүү дарылабаса 5-10 жылга чейин созулуп кетет. Дарылоонун эффективдүүлүгү негизинен диагноздун туура коюлгандыгына байланыштуу болот. Бул оору медицинада толук чечиле элек, дагы көп изилдөөлөрдү талап кылган аймагына кирет. Ошондуктан оору күчөп кете электе эртерээк ооруканага кайрылуу зарыл.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: