Menu

Данияр Абдыкаровго “Эрдикти” тагып, революция жасаган элди унутуштубу?

Бөлүшүү:

Президенттин бир топ адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, алардын катарында Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровго “Эрдик” медалын ыйгарганы ансыз деле “биз ушул бир ууч адамдардын бактысы үчүн эле бакиевдерди кууган экенбиз”- деп араң турган чыныгы революция баатырларын катуу кейитип, кечээ наркы жээкте карапайым калкты кырып таштагандан тартынбаган куйруктардын даңазаланып жатышына нааразычылык күч алды.

6-апрелде Таластан чыккан нааразычылык толкунун Бакиев бийлигин коргоп, токтотууга мына ушул “Эрдик” медалын тагынган Данияр да катуу аракет жасаганын көрсө, эл унута элек экен. Ошол кезде адилетттүлүк издеп көчөгө чыккан карапайым адамдар токмоктолуп, тыбырчылап жан-алакетке түшүүсүндө бул “баатырдын” кошкон салымы чоң тура. Ошондо азыр эмне, Бакиевдин заманын кайра орнотуп жатышабы? Чыныгы революциялаш эл бакиевдик куйруктардын улам чоң кызматтарга тартылып жатканына нааразы болуп турса да чыдап, сабырдуулукту кармаган. Эми алар “баатыр” аталып, орден-медаль тагына баштады. Куйкасы курушкан таластыктар күйгөнүнөн кайда барып ыйлаарын билбей, алдастап турушат. Булар ушинтип олтуруп оппозицияга ооп кетсе өлкөдө кандай кырдаал өкүм сүрөт?

ЖК депутаты Мээрбек Мискенбаевдин айтымында, 2010-жылдын 6-апрелинде Таласта элдик толкундоолор башталып, 7-апрель күнү Бакиевдин режими кулаган маалда Данияр Абдыкаров Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматында иштеп жаткан. “Бакиевдин криминал аралашкан бийлигин колдоп, Таластагы баш аламандыкты күчөтүп, элди атып, Талас РИИБинин имаратынын өрттөнүп, курал-жарактардын жоголуп кетишине жол берген адамдардын бири. Абдыкаров сыяктуу адамдардын орду министрликте эмес, түрмөдө болчу”,- дейт ал. Ошондуктан, президент кол алдындагылар туура эмес адамды сыйлыкка көрсөтүп, жаңылышып калганын моюнга алып, “Эрдикти” Абдыкаровдон кайра чакыртып алса, ал гана эмес кызматынан түшүрсө – эл жогору баалайт беле?

Б.Бийбачаров

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: