Menu

Бээ десе, төө дегендер же карапайым калктан алыс кайрандар

Бөлүшүү:

Бизде акылы менен эмес, курсагы менен, капчыгы менен ойлонгон депутаттар арбын. Жогорку Кеңештин басымдуу бөлүгүн жалаң акчабайды гана туу туткандар ээлеп олтурушат. Туура, аларды өзүбүз шайлап алганбыз. Ар кандай кызыкчылыктын аркасы менен. Анан алар кайра өзүбүзгө дөөдүр акылдарын айтып дөөрүп келишет. Чычалашпасын, дөөдүрөп ар нерсени божомол-дөдөмөл менен урду-сокту кыла берээрин көрдүк. Жакында эле бир сайт ошол депутаттардын арасына жөнөкөй суроо менен кайрылып, алардын деңгээлин ачып бериптир. Максат Сабиров деген чоң курсак депутатыбыз «20 сомдукта кимдин сүрөтү бар?» деген суроого: «Так эсимде жок, Токтогул Сатылгановдун сүрөтү болуш керек»,- деп жооп берсе, Алмамбет Шыкмаматов: «20 сомдо Алыкул Осмоновдун сүрөтү бар»,- деп ишенимдүү жооп берди. Минтип айтканына караганда, Алмакебиз 200 сомду 20 сомдой эле көрөт окшойт. Эми байыды да, баягы жетпеген турмуш артта калды дегендей. Ошондой эле акчасына чиренген Жыргалбек Калмаматов Бишкек шаарынын ичиндеги жол кире 6 сом деп тантыды. Бул байбача өмүрү коомдук транспортко түшө элек окшойт. Ал ал болду, ал эми Мирлан Жээнчороев, Кожобек Рыспаев, Алтынай Өмүрбекова сыяктуу депутаттарыбыз Гимндин экинчи куплетин билбей жанды кашайтышса, Таалайбек Масабиров, Кенжебек Бокоев жана Садык Шер деген депутаттарыбыз биринчи Башмыйзамдын кайсы жылы, кайсы күнү кабыл алынганын билбей уят болушту. Болбосо өздөрү мыйзам чыгаргычтар. Уялышса эми бир карап жаттап алышаар. Же жаттап алуу булардын капчыгына калың акча салбаган соң эмне кереги бар дешээр. Мээлери жалаң акча саноо менен бошобой, анча-мынча майда-баратты көзгө илбей калышыптыр. Кубатбек Жусубалиев айтмакчы, «Булардын башы булутта болгону менен буту дале покто» экен.

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: