Menu

Чоң-Алай районунда 100гө жакын аялдардын катышуусунда үй-бүлө маселеси талкууланууда

Бөлүшүү:

Кечээ, 18-октябрда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “2016-жыл Тарых жана маданият» жылына карата 100гө жакын аялдардын катышуусунда семинар болуп өттү. Семинарга Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Чоң-Алай районунун башкы имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков, “Ыйман” фондунун түштүк аймактык координатору Айбек Султан уулу жана облустук казыяттын  аялдар менен иш алып баруу адиси Жамила Жапашова катышты. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Семинарда облус  казысы Самидин кары Атабаев “Үй-бүлө куруунун маңызы жана максаты (аялдын ролу)” аталышында лекция окуп, Ислам баалуулуктарынын негизинде үй-бүлөдө аялдын жана эненин орду кандай экендигин айтып берди. Мындан сырткары үй-бүлөнүн бекем, туруктуу сакталуусунда жана уул-кыздарга туура тарбия берүүдөө аялдын милдеттерин түшүндүрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучу аялдар тарабынан  чакан талкуу жүргүзүлүп, андан соң берилген суроолорго казы жооп берди.

Эскерте кетсек, аталган семинар буга чейин Ош облусунун 6 районунда өткөрүлгөн.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: