Өткөн саныбызда Чүй облусунун прокурору Руслан Нурбеков УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшү кызматы тарабынан пара алганга шектелип кармалып, анан кайрадан “соодалашуу жүрүп” коё бергенин жазганбыз. Биздин гезитке маалымат чыгаары менен Нурбеков кызматтан бошотулуп, иликтөө иштеринин натыйжасында кайра кармалып камалганы маалым болду. Деги эле коррупция менен күрөшчү бирден-бир орган катары прокуратура өзү такыр эле коррупциялашып бүткөн окшойт. Дегенибиз, буга дейре Аламүдүн районунун мурунку прокурору Кубанычбек Мамакеев 12 жылга, Башкы прокуратуранын тергөө иштерин көзөмөлдөгөн Кылычбек Арпачиев 14 жылга пара алуу боюнча айыпталып эркинен ажыратылышкан. Бирок булардын тагдыры сабак болбостон, кылмыш ишин козгоп, коркутуп пара талап кылуу прокурорлордун көндүм иши бойдон калууда. Мына паракор прокурорлор менен күрөшкөн Башкы прокуратуранын кызматкери Эркин Курманалиевге үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Орто-Сай айылында кол салуу болуп, унаасы жарылып, колу жулунуп кеткен. Бир көзү да көрбөй калды. Эми буга ИИМ жакын тууганын шектүү катары колго түшүрүштү. Бул эптеп ишти жабуу үчүн жасалып жаткан шоуго окшош. Анткени Курманалиев дал ушул паракор, жеп-ичкич прокурорлордун тамагына турган сөөк болчу. Анан кайдан жүрүп тууганы душман болуп чыгат деген суроо туулат…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ