Кыргызстанда 2010-жылы кабыл алынган КР Конституциясынын түп нускасы президенттик аппараттын кеңсесинен жоголуп кеткендиги дайын болду. Ошол эле учурда КР Адилет министрлиги басып чыккан Конституциянын тексти менен КР Өкмөтүнүн органы “Эркин Тоо” гезити басып чыккан Конституциянын тексттеринде айрыма бар экендиги такталды. Анда депутаттар биз кайсы Конституцияга өзгөртүү киргизебиз? Түп нускасы жок Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө болобу? Бүт дүйнөгө шылдың болдук! Конституция Кыргыз мамлекетинин Гимни, Желеги сыяктуу эле ыйык символ катары президенттин резиденциясында сакталыш керек. Эгер мамлекеттик символду сактай албай жоготуп жиберишсе Атамбаев баш болуп президенттик аппараттын баардык кызматкерлери жоопко тартылыш керек деп чыгышты.
https://www.youtube.com/watch?v=kxK4Abk5mD0
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ