Menu

БУУ Алепподо бомбалоо токтогонун ырастады

Бөлүшүү:

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сириянын Алеппо провинциясында ок атуулар токтогонун ырастады. БУУнун Башкы ассемблеясынын бейшембидеги бейформал жыйынында ал шаардын чыгышында бомбалоону токтотуу боюнча Орусиянын чечимин кубаттаган.

Баш катчынын айтымында, уюм медикаменттерди шашылыш жеткирүүгө даярданууда. Ал БУУда дагы деле Алеппонун чыгыш бөлүгү үчүн «толук гуманитардык кирүү мүмкүндүгү» жок экенин белгиледи.

Бейшембиде Алепподо 11 сааттык «гуманитардык тыныгуу» жарыяланып, анын жүрүшүндө Орусия менен Сирия өкмөтү аба чабуулдарын токтото турууну убадалаган. Шаарда жай тургундар менен Алеппону таштап кетүүнү каалаган куралдуу козголоңчулардын чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридорлор ачылган. Кийинчерээк Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу гуманитардык тыныгуу дагы бир суткага узартылганын билдирген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: