Menu

Эл аралык уюмдар казакстандыктарды жарандык активисттерди колдоого үндөдү

Бөлүшүү:

Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюмдун өнөктөшү казак коомчулугун жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аянга тагылган айыптарды тез арада алуу өтүнүчү менен өлкө бийлигине кайрылууга үндөдү. Алар 24-апрелде Атырауда өткөн жер реформасына каршы нааразылык акциясын уюштурууга айыпталып кармалган.

Жарандык активисттерди коргоо боюнча Observatory for the Protection of Human Rights Defenders уюмунун кайрылуусунда Бокаев менен Аянга тагылган айыптар алардын «укук коргоочулук иши жана жарандык активдүүлүгү үчүн өч алуу максатында ойдон чыгарылып түзүлгөнү» айтылат.

Анда сот жараяны башталган 12-октябрдан бери байкоочулар айтып келаткан адилет соттун стандарттары бузулуп жаткандыгы белгиленген. Уюм Казакстан бийлигинин жарандардын тынч чогулуштарды өткөрүүгө болгон эркиндиктерин чектеп жатышын чечкиндүү түрдө айыптады.

Билдирүүдө активисттерге тагылган айыптарды алуу өтүнүчү жазылган каттарды Казакстан президентине, ички иштер министрине, адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө жана башкы прокурорго жолдоо сунушталган. Билдирүүнүн өзү Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюмдун сайтына жарыяланган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: