Menu

Расул Үмөталиев, отун-энергетика боюнча көз карандысыз серепчи: “Максим менен Ширшовдун коррупциялык иштерин Айбек Калиев улантууда”

Бөлүшүү:

 

Кылычын алып, эртелей өкүмүн жүргүзө баштаган кыш мезгилине өлкөбүз канчалык деңгээлде даяр? Бир катар түйүндүү соболдорубузга өлкөдөгү отун-энергетика жаатын ичтен билген Расул Үмбөталиев жооп узатмакчы.

 –Расул мырза, Токтогул ГЭСиндеги абал боюнча кеп баштасак? Энергетикага карата муктаждыгыбыз кандай болууда?

–Ушул күндөргө карай Токтогул суу сактагычындагы 17 млрд. 571 куб суу топтолду. Былтыркыга салыштырмалуу 4 жарым млрд. куб көп топтолду. Ырас, жылдагыга салыштырмалуу суунун көлөмү абдан жакшы болуп жатат. Негизи Токтогул суу сактагычына жалпы 19 млрд. 500 млн. кубга чейин суу толот. Азыркы күндөгү топтолгон суунун көлөмү жалпы белгиленген көлөмдөн дагы 2 млрд. кубга аз болууда. 2015-жылдын 1-октябрында аталган суу сактагычта бар болгону 13 млрд. куб топтолгон. Ошого карабай өткөн кышта көп авариялык өчүрүүлөр болбой, кыштан жакшы чыкканбыз. Анткени өткөн жылы кыш мезгили бизде дээрлик болгон деле жок. Аба ырайы жылуу болуп, кычыраган кыштын каарын деле көргөн жокпуз. Ошол себептен суунун көлөмү суу сактагычта аз болгонуна карабай өндүрүлгөн электр энергиясы аз колдонулду. Кыш катуу болгондо кандай болорун бир Кудай билет эле. Быйыл алдын ала божомолдорго караганда, кыш мезгили адаттан тыш катуу болорун кулак кагыш кылып жатышат. Буга өзүбүз деле күбө болуп жатабыз. Октябрь айында эле кескин түрдө аба ырайы өзгөрүлүп, эки жолу кар жаап, күз адаттагыдан суук болууда. Ошентсе да быйылкы көрсөткүчтөгү суунун көлөмү жетиштүү. Бирок маселе муну менен эле бүтпөйт да. Алдыда канча электр энергиясын өндүрөбүз, өндүрүлгөн “Ильич шамын” түштүк аймактан түндүк өрөөндөрүбүзгө кантип алып келип, аны бөлүштүрүү эң негизги маселе. Анткени былтыркы жылдын декабрь айында Токтогул ГЭСинде эки ири авария болду. Күрпсай баштаган ГЭСтер да авариядан куру болгон жок. Ошолорго кандай чара көрүлдү? Аларга капиталдык оңдоп-түзөө өткөрүлдүбү? Мага жеткен маалыматтарга караганда, авария катталган ал аймактарда оңдоп-түзөө иштерин алып барышкан жок. Андыктан, топтолгон суудан булардын электр энергиясын толук кандуу өндүрүшүнө ишенич жок. ГЭСтерибизде былтыркыдай авария болушу толук мүмкүн.

–Бир курдай маектериңизде буга чейинки өкмөт башчылары өлкөбүздүн экономикасына опол тоодой күч берген энергетика тармагыбызга диверсиялык сокку ургандай саясат жүргүзгөнүн ачык айттыңыз эле. Сооронбай Жээнбеков өкмөт башына келгени электр энергиясына болгон төлөмдөр көтөрүлбөстүгүн айтты. Анын сөзүнө ишенсек болобу?

–2014-жылдын 20-ноябрь айында өкмөттүн №660 атайын токтомунун негизинде үч жылдык мөөнөткө жаңы тарифтик саясат боюнча иштер кабыл алынган. Кабыл алынган өкмөттүн токтомунун негизинде ар жыл сайын электр энергиясына болгон тарифтерди 20 пайызга чейин көтөрүү каралган. Ал токтомдо электр энергиясынын ички жана тышкы тарифи боюнча так, даана жазылган. Анда өзүбүздү-өзүбүз электр энергиясы менен камсыз кыла албагандыктан, Казакстандан ала турган электр булагынын тарифи аныкталган. Бирок биз өзүбүздө жетиштүү электр өндүрүлгөндүктөн эки кыштан бери коңшулардан электр булагын ала элекпиз. Мен эмне үчүн “өкмөт электр энергиясына диверсиялык сокку урду” деп айттым. Анткени, эки жыл баштагы Казакстандан сатып алынган электр энергиясынын тарифин эске алып кошуп туруп, жалпы элге тариф саясатын кымбаттатышкан. Дагы айтам, былтыркы кыштан бери казактардан электр энергиясын албай калдык. Албаган соң тариф саясатыбызды кайрадан карап чыгышып, азайтышпайбы? Биздикилер андай кадамга барышкан жок да. Эки жылдан бери электр энергиясын сатып албаган соң жалпы элди алдабай, тиешелүү министрлик менен кызматтар биригип, эл үчүн электр тарифтерин 15 тыйынга дейре азайтышы керек эле. Тилекке каршы, биздикилер андай кылбай жатышат. Карапайым эл мындан эки жыл мурун көтөрүлгөн туура эмес, мыйзамсыз кабыл алынган электр тарифтерин ушул күнгө чейин төлөп келе жатабыз. Карапайым калк үчүн куру дегенде баа саясатын 10 тыйынга арзандатышса жеңил болмок. Бул эле эмес, Бишкек, Ош, Жалал-Абадда эл ысык суу үчүн кымбат төлөмдөрдү төлөп келе жатышат. Мындай көрүнүшкө көп маани берилбей жатат. Алдыңкы күндөрү коомчулук менен бирге бул маселелерди кеңешип, талкууласак кантет?

–Энергетиканы жөнгө салган улуттук холдингди башкарган Айбек Калиев жаш жетекчи эмеспи, тармактагы уурдоо-жоготуулардын жолун бөгөп, “белин сындыра” аларына ишенсек болобу?

–Карапайым эл, жалпы коомчулук мага ар убак “эмне үчүн Ширшовдун өлкөбүздөн жоголгонуна алты жыл болсо дагы анын схемалары бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат?” деген суроо беришет. Мен ачык айтам, Ширшов менен Максим өлкөбүздөн жоголгону менен ал эргулдардын жанында жүрүп, экөөнө акча ташып жүргөндөр азыркы өкмөттө, айрыкча энергетика саясатын аныктап жүрүшкөндөрү жалганбы? Ошолор дагы деле төбөбүзгө чыгып, башкарып жатышса, каяктан өзгөрүү болот? Кана, энергетика тармагында кайсы коррупция ооздукталыптыр? Ким айта алат? Эгер энергетика жаатын уурдап-тоноолордон арылтып, саздан сууруп чыгалы десек, анда бул тармактагы Ширшов менен Максим Бакиевдин кадрларын тазалашыбыз керек. Мына карагылачы, тармак жыл сайын кризиске кептелгендин ичинде бара жатат. Сен “жаңы муун” деп атаган Айбек Калиевди дагы мен ар убак сындап жүрөм. Айбек жаштыгына карабай кыргызга кетпес кегиндей кыянаттык иш кылышкан Максим Бакиев менен Ширшовдун жанында иштеп жүргөн бала. Максим Бакиев менен Ширшовдун коррупциялык мыйзамсыз иштерин бүгүнкү күнү да Айбек Калиев түздөн-түз улантып жатат. 2010-жылдагы 7-апрель окуясынан кийин дароо кайрадан энергетика жана өнөр жай министринин орун басары кызматына келип, бүгүн улуттук холдингди жаштыгына карабай башкарып, тармакка эч кандай кескин өзгөртүүлөрдү кылган жок. Өкмөттүн 2015-жылдын 18-ноябрындагы №768 токтомунун негизинде энергетика жана өнөр жай министрлиги толугу менен жоюлган. 18-январь, 2016-жылдагы өкмөттүн дагы бир токтому менен улуттук энергохолдинг түзүлгөн. Бул кызмат башында мыйзамсыз түзүлгөн. Улуттук энергохолдинг мыйзамдуу кызмат болуш үчүн парламенттен да бекитилиши керек эле. А бул кызмат Жогорку Кеңеш тарабынан эч качан бекитилген эмес. Ошондуктан, Калиев жетектеген кызмат мыйзамсыз иш алып барууда. Энергохолдинг боюнча керек болсо тийиштүү мыйзамдар да жок.

–Өлкөбүзгө Казакстандан көмүр сатып алуу канчалык деңгээлде зарыл эле? Балким алардан сатып алууда айрым чиновниктердин кызыкчылыгы үстөмдүк болуп, ортодон пайдага туйтунууну көздөп жатышабы? 

–Быйыл Бишкек ТЭЦине 500 миң тонна Казакстандын көмүрү алынып жатат. Бул иш боюнча конкурстук комиссиянын мүчөсү болчумун. Комиссиянын мүчөсү катары мен андагы кемчиликтерге кайра-кайра сунуш-пикиримди айтып, жазганыма карабай, эч бир өзгөртүү кыла алган жокмун. Көмүрдү ташыган ОАО “Электрстанция” Казакстандан биздеги көмүрдүн баасына караганда ар тоннасын 1000 сомго дейре кымбат алып жатышкандыгы жалганбы? Болгондо да казактардын сапатсыз көмүрүн алып жатышат. Эгер казактардан сапатсыз, чаңы көп көмүрдү алышса, ал пайдалануу учурунда жарылып кетет. Өткөн жылы дал ушундай сапатсыз көмүрдү ала коюшуп, бир адам каза болуп, дагы бири жарадар болгонун унутуп калыштыбы? Быйыл да бир адам каза болуп, Бишкек ТЭЦинин бир кызматкери оор жаракат алган. Мен комиссиянын мүчөсү катары көмүрдүн баасы менен сапаты боюнча гана маселе көтөрбөстөн, коопсуздугу тууралуу да көйгөйлүү маселени козгодум. Баягы “айткандын сөзү жаман болуп”, менин сөзүмдү бир да тиешелүү жетекчилик эске алышкан жок. Өйдө жактагы чоң кызматкерлердин буйругу менен сапатсыз көмүрдү буларың ташый беришеби?

–Азыркы өкмөттүн кышка карата отун энергетика жаатына жүргүзгөн саясатына дагы деле каршы экенсиз да ээ?

–Токтогул суу сактагычына суу жетиштүү топтолсо эле кышка даярдык укмуш болуп кетпейт да. Кышка карата камылганы муну менен гана карабай, тереңирээк талдашыбыз зарыл. Ошол эле Токтогул ГЭСинен өндүрүлгөн электр кубатын бөлүштүрүү ишинде дагы чоң көйгөйлөр бар. Электр энергиясын бөлүштүргөн компаниялар бүгүн кыш мезгилине карата толугу менен даяр эмес. Мына октябрь айында эле эки жолу кар жаады. Өлкөбүздүн көпчүлүк региондорунда өчүрүүлөр орун алып, чоң-чоң подстанция, трансформаторлор иштебей калды. Керек болсо трансформаторлорду жеткиликтүү деңгээлде оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн жок. Электр энергиясын бөлүштүргөн компаниялар кышка даяр эместигин көрсөтүштү. Өнөр жай, энергетика жана жер пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев менен Улуттук электрохолдингдин башчысы Айбек Калиев “кышка карата биз толугу менен оңдоп-түзөө иштерин жүргүздүк, буюрса 90 пайыз даярбыз” деп айтып жатышат. Октябрь айындагы эки жолку кар жааганда булардын даярдыгы кандай экенин көрдүк го? Ар кандай өчүрүүлөр болуп эле жатат. Анан кантип ушулардын сөзүнө ишенүүгө болот?

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ     

Булак: Азия Ньюс       

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: