Menu

Таабалды Тиллаев: “Министр Замирбек Айдаровдон шектенип турабыз…”

Бөлүшүү:

–Таабалды Гапырович, бюджет жана каржы боюнча комитеттин отурумунда сиз “өкмөт экс-премьер Темир Сариев менен экс-транспорт министри Аргынбек Малабаевден кечирим сурашы керек” дедиңиз. Мындан улам, “Балыкчы–Корумду жолу боюнча алардын эч кандай күнөөсү жок” дегениңизби?

–Бул жерде түшүнүксүз жагдай болуп калды. Биз комитеттен министрди угуп жатканда, ал “Лонг Хай” компаниясы 2-категориядагы лицензия алды” деп айтты. Ошол кезде алардын эч кандай лицензиясы жок болчу, тиешелүү документтери да болгон эмес. Курулуш жана архитектура боюнча мамагенттик талаптарды бузуу менен аларга 3-категориядагы лицензия берген. Кечээ мен ошону сурасам, министр түшүнбөй калдыбы, же түшүнгүсү келбедиби, жанагындай жооп берди.

–Сиз ошол комиссиянын мүчөсү болгонсуз да. Маселени ийне-жибине чейин билесизби?

–Ооба. Ошол кезде бизге андай документтер берилген эмес, кытай компаниясынын лицензиясы жок болчу. Ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев кемчилигин мойнуна алып, отставкага кеткен. Азыркы министр ал кезде жол чарба департаментинин директору эле. Ошол киши да чырылдап айтып аткан да. Госархстройдун ошол кездеги статс-катчысы Самат Бөрүбаев да “биз 3-категориядагы лицензияны бергенбиз, бирок андай категориясы бар фирманын  чоң жолдорду курганга, асфальт төшөгөнгө укугу жок, жолдорду жамаганга жана таш жолдорду салганга гана укугу бар” деген. Ошондо мен суроо бергенде “2-категориядагы лицензиянын нормаларын карап чыксак, бир жылдын ичинде бере албайбыз” деп айткан. Кечээ болсо көрдүңөр, “биз 2-категориядагы лицензия бердик” деп атат.

–Чындыгында эле кызык жагдай. Өкмөт башчы, транспорт министри отставкага кетти. Кытай фирмасы болсо эчтеке болбогондой дале иштеп жатат. Укук коргоо органдары азырынча эч кандай мыйзам бузуу фактыларын таба элек. Анда өкмөт башчы менен министр куру жалаага калып, жөн эле жерден кетип калгандай болдубу?..

–Бул бизге, депутаттарга деле кызык. Жакынкы күндөрдө сөзсүз бул суроону көтөрүп чыгабыз. Эми тергөө деген тергөө экен. “Алардын ишине кийлигишкен болбойт” деп ушунча убакыт күттүк. Эми министрлердин жообунан кийин, биз бул суроону сөзсүз укук коргоо органдарына коебуз. Текшерип чыгышсын. Ал кезде чындыгында эле мыйзам бузуу болгон. Каржы булагы аныкталбай туруп, буйрук чыккан, тендер кандай жолдор менен өткөнүн да баарыбыз билебиз…

–Кечээ жакында эле жол, транспорт министри Замирбек Айдаров минген  жолтандабас “Лексус” боюнча да чоң чыр чыкты. Депутат катары айтсаңыз, министр чет элдик фирманын машинесин убактылуу болсо да минип жүргөнү канчалык мыйзамдуу?

–Бул мыйзамсыз. Анткени “Чайна роуд” компаниясы Кыргызстанда көп жолдорду куруп жатат. “Бул жерде кызыкчылык бар” деп эле ачык айтсак болот. Себеби, министр Замирбек Айдаров жол куруп жаткан фирманын машинесин минип жүрсө, эртең алар курган жолду кайра эле ошол жол, транспорт жана коммуникация министрлиги кабыл алат да. Анан анын сапаты кандай болот? Машинесин минген министр “Чайна роудго” бирдеке деп айта алабы? “Машинесин мингенден кийин башка нерсесин да алган болушу мүмкүн да” деген шектүү ойлор пайда болот. “Башка министрликтердеги кызматтардын башчылары да чет элдик фирмалардын машинелерин минип жүрүшөт” деген маалыматтар түшүүдө. Биз расмий запрос жөнөттүк. Андыктан, дагы көп нерселердин бети ачылат го.

–Башка министрлик болсо бир жөн эле. Бирок, жол, транспорт минисрлиги унаасы эң көп, чет элдик фирмалардын көзүн карабагандай эле  мекеме эмеспи…

–Туура. Мамлекет тарабынан бул кишиге кызматтык машине берилген. Жолдор алыс, татаал, ошондуктан күчтүү машине керек экенин шылтоо катары айтып атпайбы. Биз да суроо койдук. Эгер министрибиз ушинтип атса, анда карапайым жарандарыбыз, мисалы, Баткен, Нарын облусунун, Чаткал, Алай сыяктуу бийик тоолуу райондордун тургундары эмне кылышы керек? “Кыргызстанга 2700 кубдан ылдый машине жарабай турганын айтып, мыйзам иштеп чыгыңыз” дедик.

Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: