Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болуп ай-асмандан кетип жаткан Алмамбет Шыкмаматов добуш берүүгө келгенде колдоп “макул” деген добуш берип далайдын оозун ачырды. Эмнеси болсо өзгөрүүгө каршыбыз деп билек түрүнүп шымаланып жаткан Алмамбет мырзанын шашылып же байкабастан макулдук берип алды дегенге ким ишенет? Бул деген эл алдында бирди сүйлөп, башканы жасаган эки жүздүүлүк да. Анан калп эле актанып, өлүмүш болуштун кандай кажети бар? Минтип өз абийирин өзү төкпөй эле, Конституциянын өзгөрүшүн дилинде туура көрсө эл көзүнө каршы чыгып, кооз сөздөрдү айтып саясий оюн кылбай ачык эле колдосо болмок, ууру кылып жаткансып тымызын колдобой.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ