Menu

Президент болчуңар ким?

Бөлүшүү:

Өлкөнү үч падыша башкарат дешет.

Биринчиси: акылман, ал өлкөнү жеке өзүнүн акылы менен башкарып, ал өлкөнү гүлдөтөт.

Экинчиси: акылдуу, ал өзүнүн тегерегине акылдууларды чогултуп, өзүнүн акылы жетпей баратса алардан акыл сурап башкарат.

Үчүнчүсү: акылсыз, ал өзүнүн тегерегине өзүнө окшошторду жыйнап алып, өлкөнүн тамтыракайын чыгарат дешет.

Бизде дагы а бу дегиче президенттик шайлоо болгону калды.

Президент болгонго жанталашкандар көбөйө баштады. Алар чын эле президенттикке татыктуубу тизмелеп көрөлү.

Аскар Акаев – качкын, болбойт. Курманбек Бакиев – качкан, болбойт.

Роза Отунбаева – Кадыржан Батыровду качырганы аныкталмайын болбойт.

Өмүрбек Текебаев – мародерлук тууралуу шек аныкталмайын болбойт.

Болот Шер – мародерлук тууралуу шек аныкталмайын болбойт.

Туратбек Мадылбеков – мародерлук тууралуу шек аныкталмайын болбойт.

Райкан Төлөгөнов – мародерлук тууралуу шек аныкталмайын н болбойт.

Камчыбек Ташиев – токтоло элек, болбойт.

Адахан Мадумаров – Аскар Салымбековго алданып калат, болбойт.

Аскар Салымбеков – Адахан Мадумаровду ээрчитип алат болбойт.

Камчыбек Жолдошбаев – «Беш-Сарысын» Кара-Кеченин көмүрүнө булгап алган,  болбойт.

Равшан Жээнбеков миңден ашык КАМАЗдарды ордуна токтотмоюн, болбойт.

Нурлан Мотуев 7 жылдан кийин кеч болуп калат, болбойт.

Бек Борбиев Белоруссияга концерт коюп кетип калат, болбойт.

Азимбек Бекназаров мурун бульдозер болчу, кийин экскаватор, болбойт.

Нариман Түлеев Бишкекти Калмакград кылып таштайт, болбойт.

Ахматбек Келдибеков алайлыктарды үшүтүп-шишитип шылдың кылып жол тостурат.

Акылбек Жапаров кыргызга кылча жакшылыгы жок, өзүнө кафе, ресторан кура берип ит кылат, болбойт.

Окурманым, мен билишимче тизмеледим, эми сиз тизмелеңиз.

Акбай тегин Бердибек, ардагер, Кемин шаарчасы.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: