Menu

КСДП партиясынын Иса Өмүркулов баштаган депутаттары элге берген убадасын качан аткарат? – Кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын премьер министри С.Ш.Жээнбековго

Көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ч.Турсунбековго

Көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын коргоо кеңешинин катчысы Т.Жумакадыровго

Көчүрмөсү кыргыз Өкмөтүнүн Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Сарыбашовго

Араван районунун жашоочуларынын атынан

АРЫЗ

Биз бул маселени КСДПнын депутаттары жайкы каникулда эл менен жолугушууда да айттык эле. Иса Омуркулов баш болуп толгон-токой убадаларды берип, чечебиз деп элди ишендиришкен. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул маселе чечилген жок. жигиттин сөзү өлгүчө өз өлсүн дегендей КСДПнын мырзалары али күнгө чейин айткан убадаларын аткарбай келишет.
Биздин кайрылуубуздун себеби төмөнкүчө болчу. райондун акими Курманбек Айтибаев дайындалганына эки жылга жакындап калганына карабастан райондук масштабда көзгө көрүнөөрлүк иш жасаган жок, тескерисинче “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип” дегендей, акимдикке жетпей жүргөн маалында анын анча-мынча мыйзамсыз суранычтарын аткарбагандардын артынан сая түшүп, өч алууга билегин түрүп катуу киришти. Акча бербеген тармактын жетекчилерди ар түрдүү ушак, жалган сөздөр менен акча өндүрүү үчүн кабинетине чакырат, анда да акча өндүрө албаса ар түрдүү дооматтар менен министрлерине татиптик жаза берүүлөрүн суранып кат жөнөтөт. Ай сайын, квартал сайын акча берип турчу жетекчилер иштесе-иштебесе, акимдин иши болбойт, эмгек жамааты үстүнөн жазган жетекчилерди да акча берсе жанын алып колдойт.

К.Айтибаев аким болуп дайындалганга чейин ким эле? Алгач “Ак жол” партиясынын мүчөсү, андан кийин “Бүтүн Кыргызстан” партиясына өткөн, Адахан Мадумаров президент болуп калса бир “атка минер” болуу үмүтү менен, 2009-жылы жайында өткөн президенттик шайлоодо А.Атамбаев Араванга келгенде, аны менен жолугушууга келген элди өткөрбөй, жолду тосуп турган, ошол кезде рай.кеңештин спикери болчу, райондо электр энергиясын өчүрүп салган, А.Атамбаев жана аны менен келгендер движоктун жардамы менен микрофонду пайдаланышкан.

А.Атамбаев президент болоору менен 360 градуска өзгөрүп, акырын жылмышып, КСДП партиясына мүчө болуп, бийликтен үмүт кылып, таасирдүүрөк тааныш издеп депутаттардын көзүнө чалдыгуу аракетинде болду. Райондун калкы анын депутаттардын райондук кеңешинин төрагасы болгондон кийин эч кандай деле ишин билбейт. Ушакчылыгын, жалганды чындай апыртышын көпчүлүк эле билип калды, бул акимде лидерлик деген такыр жок.

Депутаттык, төрагалык азыр өзүңүздөр билгендей акчага эле сатылып жатпайбы, эч кандай жөндөмдүн кереги жок, чөнтөктүүлөр жыргап, жөндөмдүүлөр кор болгон заман.
Эч жерде иштебеген бул аким иштегендердин кадырын кайдан билсин? Адамдын деңгээлин анын кылык-жоругу, сүйлөгөн сөзү, ой-жүгүртүүсү аныктайт эмеспи. К.Айтибаев акимдин кызматы кадр алмаштыруу, ишкана-мекемелерден болоор болбос шылтоолор менен акча жыйноо, сөзүн эки кылгандардын артынан түшүү, өзүнүн урук-тууганын “майлуурак жерлерге ишке орноштуруу деп эле билет.

“Көрбөгөндүн көргөнү курусун” болуп майрамдарда сыйлоону өз колуна алган, акимдин эжеси, балдыздары, жеңелери, кайнене, кайнаталары, аялы жана башка урук туугандары ар майрамда сыйланат, бир эле майрамда райондон да, областын да. Бул аз келгенсип ишкана-мекемелерде иштеп жаткан жакындары болсо мекеменин жетекчисине ошол жакынын сыйлоого көрсөтүүнү буйруйт, ошондой эле ишканада иштеген ага жакпай калгандары иштен алуга ишкананын жетекчисин мажбурлайт:
Райондун борборун жарып өткөн жолдун боюндагы сатуучуларды жолду кеңейтебиз деп айдап, өзүнүн бажа-балдызын жылдырбагандыгы, сатуучулардын кыжырын кайнатууда, ошондой эле райондук оорукананын аймагында жайгашкан аптекаларды чыгарттырып, өзүнүн инисине аптека ачып берди, бул иниси мед факультетти бүткөнүнө 10 жыл болуп, ар түрдүү коммерциялык иштерде жүрүп, агасы аким болоору менен эч кандай билим өркүндөтүүсүз эле ооруканага хирург болуп ишке орношкон, эжесин мамкаттоого ишке орноштурду, ошондой эле кайнатасы, кайниси, жеңеси ишке киришти. “ Туугандуу бийде ыйман жок” деген ушул экен.

Райондун 80 жылдыгын өткөрүүгө марафон 2015-жылдын ноябрына өткөрүлүп 1,5 миллиондой акча топтолгон, анын өткөнүнө 1 жыл болуп калса да али сарптоо комисиясы элге отчет бере элек. 2016-жылдын май айында “Тарых жана маданият” жылына карата райондо фестиваль өткөрүлүп, аны өткөрүүгө ишкана-мекемелерден 25 миңден – 5 миңге чейин акча топтоду, анын да кайда сарпталгандыгы белгисиз “ Тарых жана маданият жылын” жамынып алып эч кимге белгисиз ырчылардын концертине ай сайын ар бир ишканага 20-30- даанадан 100 сомдук билеттерди мажбурлап берет. Ош шаарына театрга 250 сомдон 15-20 даанадан билет сатты. Максат эле акча өндүрмөй. Үйүнө чейинки жолго асфальт төшөттү. С. Юсупова атындагы айыл өкмөттүн 2015-жылды жыйынтыктоо чогулушунда айыл акчакалдары “Коррупция акимияттын 3 кабатында гүлдөп жатат, аким сом эмес доллар талап кылып жатат экен-эл алдында жооп берсин деп талап коюшту, аким мындан кабардар болгонбу, ал чогулушка орун басары Т Сатыбалдиевди жөнөткөн., өзү барбады. Чынында эле ушул аким келгени коррупциялык элементтер көбөйдү, жок жерден эле коррупция жасайт. Негизги “бизнеси” кадр алмаштырууда, ишке алып жаткан кадрдын жөндөмү эмес чөнтөгү кызыктырат өзү жөндөмсүз акимди: РЭС тин жетекчисин, мамкаттонун жетекчисин кыйнаганын билебиз. Жакында эле бир дарыгерден 1 миң АКШ долларын, 10 миң сом алган ҮМБ на жетексиликке сунуштама берем деп.
Райондо таштандыларды таштоочу жай жок, мал сюучу жай элдин арасында жайгашкан, райондун борборун экиге бөлүп өткөн сайдын эки тарабы тең таштандыга толгон, таза суу менен камсыздоо жетишээрлик деңгээлде чечилген эмес, мунун бары райондо жугуштуу оорулардын жыл сайын көбөйүүсүнө алып келүүдө. Аким деген элинин түйшүгүн тартуу керек Эл аралап, базар аралап, ишкана мекемелерге барып. чечилбей жаткан маселерди жеринде чечип, базар экономикасындагы элдин түйшүгүн жеңилдетүүнү ордуна, өз элин тоноодон, эл түйшүгүнөн пайда көрүүнү көздөп келет:
Араван районуна коңшулаш райондордо эттин баасы 300 сомго жетпейт, а бизде 300 сомду байлап койгон, угушубузча кассаптар ай сайын акимге “ Салам” берип турушат экен.
2015-жылдын сентябрында райондогу үрөөнчүлүк кооперативдери акимдин паракорлугу менен ошол кездеги премьер министр Т.Сариевге арыз жолдошкон. Бирок ошол кездеги губернатор С.Ш.Жээнбеков акимди аябай тилдеп, үрөөнчүлүк кооперативдердин жетекчилеринен кечирим суратып, экинчи мындай иштерди кылбоону талап кылган жана арызды Т.Сариевге жеткирбеген.
Ушул окуяга карабастан “кар жаады, из басылды” болуп К.Айтибаев сугалактыгын өөрчүтүп, өз көмөчүнө күл тартуудан бошобой жатат. С.Ш.Жээнбековдун да ишеничин актабады.
К.Айтибаевдин кокусунан болгон акимдигин райондун эли бүт билет. Кокусунан болгон акимден мындан башка эмне күтөбүз? “Калк айтса, калп айтпайт” дейт. Биздин угушубузча К.Айтибаевдин аким болуп калуусуна депутат Т.Зулпукаровдун да салымы бар экен, эгер ушул чын болсо Т.Зулпукаров Араван элинин убалына калды.
К.Айтибаев бийликтин райондогу өкүлү катарында райондун элинин бийликке, өкмөткө болгон ишенимин кетирүүдө.
Сиздерден сураныч, элин ойлобой канчыгын ойлогон мындай акимди алмаштырып, анын жогоруда аталган марафондо, фестивалда топтогон акчалардын кайда сарптагандыгын аныктап берүүңүздөрдү суранабыз деп Араван районунун жашоочулары:
1. Абдуллаев С. (кол койгон)
2. Сатвалдиев И. (кол койгон)
3. Калматов С. (кол койгон)
4. Абдуллаев Р. (кол койгон)
5. Сариев К. (кол койгон)
6. Фозиев Х. (кол койгон)
7. Каримов Р. (кол койгон)
8. Каримов Х. (кол койгон)
9. Султанов А. (кол койгон)

aryz-aravandan

aryz-aravandan2

aryz-aravandan3

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: