Menu

Кемелгазы Абылгазиев, ырчы: “Жубайым колдоп турат”

Бөлүшүү:

– Өзүңүз жөнүндө айтып өтсөңүз…

– Мен 1991-жылы Нарын областынын Ат-Башы районунун Казыбек айылында төрөлгөм. Балалыгым ошол айылда өткөн. 1-класстан 9-класска чейин Казыбек айылындагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинде окугам.

– Ырчылыкка болгон кызыгуу сизде качан ойгонгон?

– Биз мектепте  окуп жүргөн мезгилде Сыймык Бейшекеев, Бек Борбиев агаларыбыздын  чыгармалары жүрөгүбүздөн түнөк таап, баарыбыз ырдап жүргөн  учур болчу. Алиппе майрамында да Сыймык аганын “Бөлөмө” деген чыгармасын аткаргам. 5-класс окуп жатканда Гүлмира Сулайманова эжекебиз “Жаш таланттар” кароо-сынагын  уюштуруп, айылдан районго тандалып келдим. Райондон өтүп кетип  облустук кароо-сынакка бардык. Бишкекке да келип биринчи орунду алдым. Ошол мезгилде убакыт өтүп 9-класста окуп жаткам. Каныкей Эралиева калыстар тобунда бар болчу, байгелер тапшырылып концерт бүткөн соң эжеге  жолуктук. Эже жардам берип 9-классты бүткөндөн кийин эле Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, ал жакты ийгиликтүү аяктадым. Ал эми учурда Улуттук консерваториянын 3-курсунда окуп жатам.

– Ушул чөйрөгө аралашып калууга ким түрткү берди?

– Чоң сахнага 2008-жылдан баштап чыгып баштадым. Мени чыгармачылык деген чөйрөгө аралаштырып, фестивалдарга катыштырып  көп жардам берип жүргөн Сагын Ниязалиева эжекем болду. Ошол кишинин аркасы менен жакында жеке концерт берүүнүн алдында турабыз.

– Дегеле, мындай талант сизге кайсы тараптан келген? Балким ата-энеңиз да таланттуу адамдар чыгаар?

–  Менин ыраматылык атам жакшы ырдачу экен. Өзүм уккан жокмун, бирок аяш аталарыбыз, айылдагылар айтып калышат. Андан сырткары,  чоң атам, эжекелерим жакшы ырдашат. Ошондон улам  атам тараптан келген өнөр го деп ойлоп калам. Өзүм да кээде обон жазып калам, бирок эмнегедир башкалардын обонуна окшоп калгандай боло берет. Ошол себептүү алып чыга элекмин. Ырдын сөзүн жазууда да кээде  эргүү келип калганда жазам, жеке  китепчемде чогултуп жүрөм.   Ал эми мен ырдап жаткан ырдын обону менен сөзү бири-бирине төп келиши керек. Көбүнчө мен жаш муундагы акындардын, обончулардын  ырларын эмес, улуу муундагы адамдардын чыгармаларын алып  жаңыртып, жаңы дем менен ырдоого аракет кылып келе жатам. Алгач чоң  сахнага  2008-жылы “Ала-Тоо таңшыйт” берүүсүнө   сөзү Абдыманап Нышанов агабызга, обону Кенжебек Курманбеков агабызга таандык “Гүлүң да сүйкүм көрүнөт” деген ыр менен чыккам.

– Лариса Асанбекова эжекенин сөзүнө жазылган “Кара көзүм” деген чыгармасын  аткарып жүргөнүңүздү билебиз. Бул ырды кандайча ырдап калдыңыз?

– Бул ырдын обону Руслан Нарынбаев агабызга таандык. Мен бир жакшы ыр жаздырсамбы деп жүрдүм эле, бул оюмду Руслан байкеге  айтсам үйүнө чакырды. Барсам ушул ырга обон жаздым эле ырдап көрбөйсүңбү деди. Өзү да ырдап берди. Өзү ырдап  бергенде мага жакты, табитиме туура келип  жаздырып, ырдап чыктым. Ыр даяр болгон соң бир  айдан кийин клип тарттык. Кудайга  шүгүр, жакшы эле болду, жакшы жемишин берди. Мени ушул ыр аркылуу көбүнчөсү тааныды десем болот.

– Репертуарыңызда  канча ырыңыз бар?

– Репертуарымда он үч ыр, жети клип  бар. Кудай буюрса, концертке карата эки ыр жаздырып жатам.

–  Жеке концерт деп калдыңыз, даярдыктар кандай жүрүп жатат?

– 14-ноябрь күнү  Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жеке концерт  берүү алдында турабыз. Кудай буюрса, баары жакшы. Алгачкы концертим болуп жаткандыктан  сарсанаалар болуп жатат. Тигил жакка чуркасам бул жагы калып, толкунданып үлгүрө албай  чуркап жүргөн учурум.   Колдоо көрсөтүп оорумду колдон алган адамдар да жок эмес. Ошол эле Сагын Ниязалива эжекем көп жардам берип жатат. Концертке конок болуп  мени көп жылдан бери тарбиялап жүргөн агайым Токтобек Асаналиев, Каныкей Раймалиева, Кенже Көбөкова, Айбек Касымов,  Адилет Азимов, Нурболот Теңизбек уулу, Кадырбек Бейшенов, Асылбек Маратов жана башка таланттуу адамдар келишет.

– Ырларыңыздын ичинен кайсынысы жүрөгүңүзгө өтө жакын?

– Элибизде айтып коет эмеспи, ата-энеге бардык балдары бирдей деп, ошол сыңары  ырларымдын баары мен үчүн бирдей десем болот. Жакшы же жаман деп бөлүп карай албайм.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып өтсөңүз?

– Бир кыздын атасымын.  Келинчегим экөөбүз таанышып, үйлөнөөр алдында  мен өзүмдүн чыгармачылык чөйрөдө жүрө тургандыгымды айтып түшүнүүсүн сурангам. Кудайга шүгүр, жубайым мени ар дайым колдоп, жардам берип турат. Кызыма бир жаш жети ай болду. Бир аз чоңоюп эс тартып калгандыктан мен келгенче күтүп уктабайт. Эшиктен кирип келгенде мойнума асылып эркелеп алат. Ата болуу эң чоң бакыт экендигин эми түшүндүм.

– Маегиңиз үчүн  чоң ыракмат! Алдыда боло турган концертиңизди ийгиликтүү өткөрүп алыңыз.

– Сиздерге да чоң ыракмат.  “Асман плюс” гезитинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем.

Алмазбек кызы Шарипа

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: