Menu

Эмилбек Каптагаев: “УКМКнын ар бир башкармалыгында бирден Россиянын ФСБсынын кызматкери “куратор” болуп олтурушат”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын көз карандысыздыгы жана коопсуздугу тууралу кыргыз жарандарынын социалдык түйүндөрдөгү талкуусунан бир шиңгил сунуш кылабыз.

Эдил Байсалов: КР Президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков эч нерсени жашырбай, ачык эле Россиянын «Роснефти» ишканасынын жетекчиси Сечинден айлык алып иштеп жүрөт. Ошондой эле иштеп жүргөн Муралиев түрмөдө олтурат. Калгандар “чет элдик агент” болуп калышты.

Эмилбек Каптагаев: Россия тууралу сөз болгондо  “агент” деп бирөөнү атоонун эч кандай мааниси болбой калды, анткени азыр биздин УКМКнын ар бир башкармалыгында бирден Россиянын ФСБсынын кызматкери “куратор” болуп олтурушат. Анан кайдагы мамлекеттик купуя сырлар тууралу сөз болушу мүмкүн.

Аскат Дүкөнбаев: Өлкө путиндик Россиянын басып алуусунда калганын ачык айтууга мезгил жетти. Муну жалгыз Атамбаев жасады. Муну моюнга алыш зарыл жана мындан ары эмне кылышыбыз керек экендигин ойлойлу. Өлкө Россиянын маалыматтык, саясый, экономикалык жана аскердик үстөмдүгү астында калды. Бул Атамбаев заманындагы биздин эң башкы көйгөйлөрүбүздүн булагы болуп эсептелет. Акыркы окуялардын баары ошол тараптан тутанып келип жатат. Атамбаевдик администрация Кыргызстанды акырын, эч кимге байкатпай, тымызын Россиянын алдына салып берди. Ушуну кайсы сокур көрбөй жатат? Эми мындан да жаман болот. Де факто Россиянын бир губерниясына айлантышат. Мен жөн гана эскертип койгум келет. Кандай болгон күндө да Жарандык боштондук кыймылын түзүү боюнча маселе коюлушу зарыл. Антпесе биздин 1991-2016-жылдардагы Кыргыз Республикасына чекит коюлат. Муну Россия 2010-жылдан бери жасоого далалаттанып келишкен, акыры максаттарына жетишишти.

Акыл Адам: Бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү идеясы эми мурдагыдай актуалдуу болбой калды. Бул жол эми Кыргыз Республикасын Россияга толук баш ийдирүүгө жана өлкөнү Кремлге көз каранды кылууга гана алып барат. Бийлик элдин нааразычылык акцияларынан гана коркот. Аянттарга жана көчөлөргө нааразчылык акцияларына чыкпоого элди үндөө бул ФСБнын фишкасы.

Эдил Байсалов: Нарышкин мурун эле Кыргызстан менен тыгыз иштеп жүрчү. Эми жаңы кызматына байланыштуу ал Кыргызстанга куратор болуп калышы мүмкүн. Орустарда мамлекет – бул атайын кызматтар. Атайын кызматтар болбосо аларда мамлекет да жок. Ал эми биздин УКМК бул жат империянын куралына айланды. Ар бир оппозиция лидерлерине аңдуу уюштуруу менен гана алек. Эмнеге эч ким агроном Сегизбаевдин УКМКнын жетекчиси катары мамлекеттик коопсуздук боюнча компетенттүүлүгү тууралу маселени койбойт? Кытай элчилигиндеги жардыруу – бул мурда болуп көрбөгөн эң ири компетенсиздиктин натыйжасы.

facebook баракчасынан алынды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: