Menu

Өзбекстан Жакынкы Чыгышка жана Африкага автомобиль экспорттой баштады

Бөлүшүү:

Өзбекстан жеңил автоунааларды жакынкы Чыгыштын 9 өлкөсүнө жана Африкага экспорттону  колго алды. Муну Экономика министрлигинин жана Статистика боюнча мамлекеттик комитеттин отчеттору далилдей турганын СА-News маалымат агенттиги жазды.

Документке ылайык, жыл башынан бери экспорттук ишке 835 жаңы ишкана тартылган, 246 жаңы товардын түрү сыртка сатыкка чыга баштаган жана башка өлкөдөн 52 автоунаа сатуучу жай табылган.

Анын ичинде жеңил автоунаалар Бириккен Араб Эмирлиги, Ливан, Иордания, Ирак, Гана, Сенегал, Кот д’Ивуар, Сомали, Нигерияга жеткирилүүдө.

Мурда кабарлангандай, өлкө Улуу Британияга күч агрегаттарын жана кыймылдаткыч тетиктерин, Латвияга дөңгөлөк дисктерин ташып баштаганы белгилүү болгон. Автомобиль чыгарган улуттук «Узавтосаноат» компаниясы КМШ өлкөлөрүнүн базарларына сатууларды көбөйтүү үчүн чара көрүүдө.

2015-жылдын аягында Ravon жаңы брендинин бет ачары болуп, GM Uzbekistan өндүрүшүндөгү автомобилдердин экспорту башталган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: