2016-жылдын 7-октябрындагы № 61-санында жарык көргөн “Акыйкаттык кайда Ата Мекен” аттуу макалада А.Түмөнбаев “Кыргызстан улуттук электр түйүндөрүнүн” аткаруучу директору “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү деп жазылган эле. Көрсө биз жазган А.Түмөнбаев “Кыргызстан улуттук электр түйүндөрүнүн” пресс-кызматынын билдиргенине караганда Түмөнбаев эмес, Тюменбаев экен жана ал адам эч качан же өмүрүндө бир да саясий партиялардын, алардын ичинде “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү болбоптур. Ал эми биздин билишибизче Түмөнбаев Акыл деген жаран 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынын тизмесин жакшылап карасак 58-тизмеде турат. Бул окшоштукпу же кийин фамилия алмашып кеткенби, аны биз журналисттик иликтөөгө алдык.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ