Menu

Түштөгү шал болуу же албарсты басканда…

Бөлүшүү:

Сиз түн бир оокумда ойгонуп, таптакыр кыймылдай албаган абалга кабылдыңыз беле? Бөлмө караңгы, бирок үйдө бирөө жүргөндөй сезилип, үстүңүздөн бирөө басып алган оордукту көтөрө албай жаткан болосуз. Коркосуз, сүйлөйүн десеңиз тилиңиз буулуп калгандай, а кээде сүйлөмөк турсун кыйкырып аткандай болосуз, бирок ал кыйкырык сыртка чыкпайт. Кулагыңызга бир нерселер угулуп, көзүңүзгө көрүнүп, кыскасы таң калычтуу дүйнөгө кабылгандай болосуз…

Бул нерсени башкада болуп жатканын уккан же көргөн андан да коркунучтуу. Себеби ал адам ар кандай үндөрдү чыгарып жүрөктү түшүрөт. Бул адамдын мээсиндеги таңкалычтуу феномонди түштөгү шал болуу дешет экен окумуштуулар.

Адамдын түшүндө шал болуусунун кызыктуу фактылары:

  1. Түштөгү шал болуу планетадагы адамзаттын 8%да кездешет экен. Ал адамдын булчуңдары бошогондо пайда болчу көрүнүш.
  2. Адам сүйлөй албайт, кыймылдай албайт, бирок кадимкидей дем алып, айланада эмне болуп атканын сезет. Бул абал бир нече секунддан бир нече мүнөткө созулушу мүмкүн.
  3. Көбүнчө алгачкы ирет 20 жаштан башталып, адамдын өмүрү өткөнчө коштолот.
  4. Пайда болуу себептери: стресс, күн менен түндүн алмашуусу, уйку канбоо, көмкөрөдөн жатуу.
  5. Ар кандай кылымда бул ар кандай түшүндүрүлүп келет. Байыркы заманда адамды жин-шайтан курчап алганда ушундай абалга келет деп айтышкан.
  6. Адам мындай абалдан алгач манжаларын акырын кыймылдатуу, жөтөлүү менен чыкса болот.
  7. Түштөгү шал болуу- адамдын мээси ойгонуп, бирок денеси уйкуда жатканда пайда болот.
  8. Адамга тынчсыздануу алып келгени менен ден соолукка зыян алып келбейт.
  9. Адам жаңы уктаганга камынганда же уйкусу канганда болот.
  10. Көбүнчө бирөө келип кулакка шыбырап жаткандай сезим болот. Ким шыбырап атат, таптакыр белгисиз…Кээде ал белгисиз неме муунтуп аткандай туюлат.

Кыргыздарда

Түштөгү шал болууну “албарсты басты” деп коюшат. Түнкүсүн адамды басат, жакын адамың болуп кубулуп, азытып кете алат деген түшүнүк бар. Албарсты көпчүлүк элдерде, анын ичинде кыргыздарда узун сары чачтуу, мурду менен тырмактары узун, эки эмчеги салаңдаган, көздөрү күйүп туруучу аял кейпинде деп сүрөттөлөт. Эмчектери чоң болгондуктан, аны эки ийинине артып коёт. Албарстынын күчү чачында. Эгерде албарсты жолугуп калып, адам эбин келтирип чачынан кесип алса, анда албарсты адамга өзүнүн дубасын үйрөтөт. Жана ал адамдын укум-тукумуна таптакыр жолобойт деп айтып коюшат кыргыздар.

Парапсихологияда

Парапсихолог  Лариса Асанбекова “албарсты  эмнеге басат?” деген сурообузга мындай жооп берди: “Дүйнө көп катмардан турат. Ар бир катмардын өзүнүн жашоочулары, энерго жандыктары бар. Биздин дүйнө көзгө көрүнгөн материалдык дүйнө. Көзгө көрүнбөгөн сырт дүйнөлөр да бар. Канчалык катмар төмөн болсо, энергия да терс болот. Адамдын ички жан дүйнөсү терс боло баштаганда паралелль дүйнөнүн терс энерго жандыктарын тарта баштайт. Албарсты ошол төмөнкү катмардын энерго жандыгы. Терс энергия оор болот. Ошон үчүн кыргыздар “салмактанып калыптырмын”, “жүк басып жатат”, “жаным жер тартып турат” деп бекер айтпайт. Албарсты да адамдын үстүн басып, оорлотот. Ал мындайча айтканда адамга “тазалан” деп белги берет. Ошондуктан адам өзүн таза алып, кечиримдүү болуп, жаман ойлордон алыс болсо, албарсты жолобойт. Кыргызда “ою тазанын бою таза”, “ичинде эмне болсо, сыртына ошол чыгат”деген сөз бар. Дегеле адам дайыма эсине тутуп аны аткара турган жети мыйзам бар. Ошол жети мыйзамды бузбай жашаса, тагдыры, ден соолугу, байлыгы ж.б. бардыгы жакшы болот.

 Кызык  экен…

Бүткүл  дүйнөлүк уйку күнү дагы белгиленет экен. 2008-жылдан баштап  Бүткүл  дүйнөлүк  саламаттыкты сактоо уюмунун долбоорунун алкагында 14-март уйку күнү деп майрамдалып келет.

 Айке Аданбекова

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: