Menu

Сот приставдары кызматын уюштуруу жана аны ишке ашырууну талкулоо боюнча тегерек стол болуп өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жетекчилиги, облустук жана шаардык башкармалыктар менен биргеликте “Сот приставдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы талаптарды жүзөгө ашыруу боюнча талкуулоо жүргүзүштү.

Иш чаранын алкагында Сот департаментинин бөлүм башчылары Сот приставдарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө, сот приставдары боюнча ченемдик-укуктук актылары жана ага зарыл өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө, ошондой эле кызматка алуудагы сот приставдарына коюлуучу негизги квалификациялык талаптар тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары, тегерек столдун чегинде өлкөнүн ар бир регионунда сот приставдарын тийиштүү имарат, жайлар менен камсыз кылуу маселелери талкууланды. Бул маселе боюнча тегерек столдун катышуучулары Сот приставы институтун жүзөгө ашыруудагы негизги көйгөйлөр жана аны чечүүнүн ыкмалары туурасында ой бөлүшүштү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин статс-катчысы С. Калмаков иш чараны жыйынтыктап жатып, сот приставдары кызматын түзүүдө жана ишке ашырууда Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын жетекчилеринин алдына коюлган милдеттерди баса белгиледи. Ошондой эле облусттук жетекчилерге Кыргыз Республикасынын “Сот приставдары жөнүндө” мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды берүү боюнча тапшырмалар берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: