Токтогул районунда 2016-жылдын 22-октябрында саат 9:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 233-чакырымындагы Чычкан капчыгайында Тайота-Вента үлгүсүндөгү мамлекеттик №S 0642 AХ унаа менен Хонда-Степ үлгүсүндөгү мамлекеттик № О 0950 AZ унаа кагылышкан. Натыйжада кырсыктан, 4 адам жаракат алган.
Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унааны жолдун четине чыгарып беришкен. Жаракат алгандар менчик унаа менен Токтогул шаардык оорунасына жеткирилген. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ