Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкканын расмий жарыялады. Бул тууралуу бүгүн фракция лидери Иса Өмүркулов билдирүү жасады.
Анын айтуусунда, КСДП фракциясы “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпөөчүлүктөн улам көпчүлүк коалициядан чыкты. Ал былтыр коалиция түзүлгөн кездеги ой-максаттар ишке ашпай калгандыктан, ушундай чечим кабыл алынганын айтты.
«Кийинки кездеги окуялардан, карама-каршылыктардан улам көпчүлүк коалициядагы фракциялар оппозиция жана позицияга бөлүнүп калды. Андай коалициянын өмүрү кыска болот. Ошондуктан, биз чыгып жатабыз»,— деди ал.
Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдөн улам КСДП менен “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын ортосунда пикир келишпөөчүлүк жаралган. Мындан улам Иса Өмүркулов “атамекенчилерге” коалициядан чыгууну сунуштаган, бирок ал ишке ашкан эмес.
“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев КСДП өкмөттүн жана премьер-министрдин ишине баа бербей туруп коалициядан чыгып кетиши туура эместигин билдирди.
Коалициянын курамына КСДП, “Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары бар болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ