Астана акыркы 10 жыл ичинде Казакстандан мыйзамсыз жол менен чыгарылып кеткен каражаттын бир бөлүгүн кайрадан кайтарганын билдирди.
Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Андрей Кравченко 10-15 жыл ичинде Казакстандан мыйзамсыз жол менен кеминде жүз миллиард теңге чыгарылып кетип, анын 30 пайызга жакыны кайра өлкөгө кайтарылганын билдирди. Ал бул сумма «болжолдуу» экенин белгиледи.
«Азырынча акчаларды өлкөдөн чыгарып кетүү боюнча айыпталып жаткан адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү аяктай элек. Биз ал каражат кайра кайтарылат деген үмүттөбүз. Азыркы тапта бул боюнча дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен жигердүү иштеп жатабыз», — деди Кравченко.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ