Menu

Мосулдун жанында «Азаттыктын» ирандык кабарчысы жарадар болду

Бөлүшүү:

Ирактын Мосул шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан бошотуу операциясын чагылдырып жаткан “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун видеожурналисти Расул Махмуд миномет чабуулунан олуттуу жаракат алды.

Ал “Азаттыктын” Иранга берүү тараткан “Фарда” кызматы үчүн согуш тилкесиндеги кырдаалды чагылдырып жаткан. Журналист кошо жүргөн Пешмерга күчтөрү Мосул шаарынын борборуна 25 чакырымдык жакын калганда миномет чабуулу болгон.

Сөөктөрү сынып, көзүнөн оор жаракат алган Расул Махмуд азыр Ирбилдеги ооруканада дарыланып жатат

“Биз кесиптешибиздин жарадар болгонун угуп ындыныбыз өчүп турат. Расул — эр жүрөк жана мыкты кабарчы, биз анын үй-бүлөсүн колдоо үчүн болгон аракетибизди көрөбүз», – деп билдирди «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Томас Кент.

Махмуд редакцияга согуштук аракеттер болуп жаткан жерден тартылган видео жана сүрөт материалдарды, ошондой эле эксклюзивдүү маектерди, анын ичинде ирак аскерлери жана Пешмергинин баш катчысынын интервьюларын жөнөтүп келген. Махмуддун Фарда радиосуна берген маалыматтарын CNN, Time журналы, USA Today гезити жана башка маалымат каражаттары пайдаланышкан.

Фарда радиосу Махмуд менен анын үй-бүлөсүнө каражат топтоо өнөктүгүн баштады.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: