Menu

Өзбекстанда күйүүчү май кымбаттады

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 23-октябрдан тарта күйүүчү май кымбаттады. Баалардын жогорулашы бензиндин үлгүсүнө жараша 31,6-34,9 пайызды түздү. Бул тууралуу жергиликтүү ММКларга шилтеме кылып CA-News жазып чыкты.

Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин баасы 2075 сумдан ($0.32) 2800 сумга чейин ($0.43) (34,9 пайызга), Аи-91дики – 2280 сумдан ($0.35) 3000 сумга чейин ($0,46)(31,6 пайызга), Аи-95тики – 2505 сумдан($0,39)3300 сумга чейин ($0,51) (31,7% пайызга) кымбаттады. Жаңы баалар бардык май куючу жайларда бирдей болот.

«Узбекнефтегаз» улуттук компаниясы бензинге бирдиктүү баа май куючу жайларда баалардын жогорулатылышына жана күйүүчү майды алып-сатууга каршы күрөшүү үчүн орнотулганын билдирди.

Компания өлкө премьер-министринин виртуалдык кабылдамасына май куючу жайларда бензиндин тартыштыгы, андагы кезек күтүүлөр, ошондой эле Ташкент менен аймактардагы баалардын айырмалана тургандыгы боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түшкөнүн белгиледи. Кайрылууларда бензинди борбордон арзан алып, аймактарга кымбат баада сатып жүргөн айрым жарандардын мыйзамсыз аракеттери да көрсөтүлгөн.

«Жаралган жагдайды оңдоо жана айрым жарандардын мыйзамсыз аракеттерин токтотуу максатында «Узбекнефтегаз» башка тиешелүү министрликтер жана мекемелер менен биргеликте 2016-жылдын 22-октябрынан тарта өлкө боюнча бензинге бирдей баа коюу чечимин кабыл алды», – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: