Menu

Азия Ньюс: “Парламент “пахмелдери”

Бөлүшүү:

Өмүрбек Бабанов: – Каныбек Капашевич, келиңиз, анда сизди люстрация кылайык.
“Азия Ньюс”: – Ушинтип да коркутасызбы, Өмүрбек Токтогулович?!
Алмамбет Шыкмаматов: – Кечээ Мыктыбек Юсупович агынан жарылды.
“Азия Ньюс”: – Кудай сакта, ал киши агынан жарылып, аргументтерин келтиргенде Акүй “жарылып” кетчү эле.
Алмамбет Шыкмаматов: – Улам-улам артык кылам деп эле тыртык кылып атасыңар. Азыр да Артыков чыгып, тыртык кылып салды.
“Азия Ньюс”: – Анда, Артыкбаев чыкпай турсун…
Рыскелди Момбеков: – Мыйзам менен мыйзам долбоору бышкан эт менен чийки эттей.
“Азия Ньюс”: – “Өтүкчүдөн сыр сурасаң шибегеси менен шоонасын айтат” деген ушу тура.
Акылбек Жапаров: – Азыр татынакай президенттин укугу бар вето койгонго.
“Азия Ньюс”: – Түшүнбөй калдык, президент татынакайбы, же укугубу?
Каныбек Иманалиев: – Темир жолго депутат жооп бербейт эч убакта.
“Азия Ньюс”: – Типографияга жооп берчү эле го?
Каныбек Иманалиев: – Өзүңөрдү өзүңөр люстрация кылып, чоң саясаттан кетүүгө даярсыңарбы?
“Азия Ньюс”: – Биздин саясатчылар кастрация кылганга макул болушу мүмкүн, бирок, люстрация кылганга өлсө да макул болушпайт го…
Рыскелди Момбеков: – Каныбек Капашевич капталдан катуу качырдыбы, бир топ депутаттарыбыз калтырай түштү. Мен да калтырай түштүм.
“Азия Ньюс”: – Капашевичтин качырганына эле калтырап калса, анда Жогорку Кеңешке жалаң коендор чогулуп алганбы?
Рыскелди Момбеков: – Жоомартты “жоош” деп, Темирди “тентек” деп ким кетирди?
“Азия Ньюс”: – Ким болмок эле?.. Өмүрбекти “кишенээк”, Жантөрөнү “жаталак” деп кетиргендер да.
Рыскелди Момбеков: – Ымыркай кыз, секелек кыз, кара далы кыз – баары бир кыз да.
“Азия Ньюс”: – Билерман катары тактап койсоңуз, кыз белгиси жок кыздар да кыз деген категорияга кошулабы?
Кожобек Рыспаев: – Эркек менен эркек үйлөнүп атканына ким жооп берет?
“Азия Ньюс”: – Ушуну билбейт экенбиз. Точно төрөт үйү эмес.
Анвар Артыков: – Душанбе Тажикстандын борборубу?
“Азия Ньюс”: – Өтө кыйын суроо экен. Картаны карап туруп, анан жооп береличи.

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: