Menu

Данияр Бабакулов менен Тилек Машрапов JFC чемпиону болду

Бөлүшүү:

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык Jush kuch fighting championship (JFC) аталышта чемпиондук кемер кур үчүн экинчи ирет ММА жаатында “Жаш күч” күжүрмөн клубунун чемпионаты өттү. Биринчи жолу ушундай кадыр-барктуу таймашка кыргызстандык Барчынай Узгенбаева аттуу мушкер кызыбыз менен казакстандык Акбөбөк Ергалиева аттуу мушкер айым 8 бурчтук мушташ майданына чыкты. Эрегиш алгачкы көз ирмемде бири-бирин аяр чалгындоо менен башталды. Биздин кыз 2-мүнөт аяктап калган кезде катар-катары менен атаандашка бет талаштыра таамай муш жиберүүдө жандуу чабуулун кылуу менен казак кызды бир заматта муунтуу ыкмасына салып таймашты утуп алды. Чемпионаттын алкагында 14 мелдеш болуп, анын 8 беттешүүсү беделди аныктоо, 4 негизги жана 2 таймаш JFC чемпиондук кемер кур үчүн катуу таймаш жүрдү. Биринчи болуп Тилек Машрапов россиялык Кирилл Хамицкий менен чыкты. Мөөнөтүнөн мурда атаандашын муунтуу ыкмасында Тилек жеңишке жетишти. Экинчи болуп Данияр Бабакулов казакстандык Артем Резниковго чыкты. Башында Данияр жакшы күрөш жүргүзүп, атандашты бир нече ирет кабатырлантып койгондой болду. Артем партерде мыкты күрөшчү экени белгилүү. Аны Данияр туура баамдап, партерден күрөш жүргүзбөгөнгө аракет жасап жатты. Мелдештин 4-бөлүгүндө Данияр ринг ичинен кубалап барып тумшукка, анан боорго удаа-удаасы менен таамай сокку жасап, Артемду бүк түшүрүп койду. Коргонууга шайы келбей калганын байкаган рефери мелдешти токтотуп, жеңишти ошону менен бирге чемпиондук кемер курду Даниярга ыйгарды. Негизинен “Жаш күч” спорттук клубдун балдары эрежесиз эр уруш жагынан бир топ такшалып калышты. Дүйнөдөгү мен-мен деп көкүрөк каккан балдарды акыркы учурда миздерин майтарып оозго алынып калганы байкалууда.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: