27-октябрда, саат 10:00до Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын чакан залында “Био ар түрдүүлүктү сактоо, жана музей ишинин актуалдуу маселелери” деген Эл аралык конференция башталат. Бул тууралуу КР УИА маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Иш-чара 27-28-октябрь аралыгында өтүп, КР эгемендүүлүгүнө 25 жыл жана КР УИАнын Сапаш Касиев атындагы Биология жана топурак таануу институтунун 25 жылдыгына арналат.
Иш-чаранын максаты – илимий коомчулукту жана айлана-чөйрөнүн сакталуусуна, Зоологиялык музейдин кем-карчына жана био ар түрдүүлүгүн изилдөөгө жоопкер мекемелердин, жаратылыш жөнүндө илимдин көйгөйлөрүнө, табигый илимдерди үйрөнүү жана экологиялык тарбияга тийиштүү чечим чыгарчу тараптардын көңүлүн бурдуруу.
Ошондой эле конференцияда аймактын экологиясына, флорасына жана фаунасына, жаратылыш коргоочу ишканаларга тийиштүү иш-чаралар талкууланат. Анын ичинде Кыргызстандагы ак илбирстин популяциясынын абалы, Борбор Азиядагы муунак буттуу мителердин түрлөрү жөнүндө доклад окулат.
Бул конференцияга Борбор Азия мамлекеттеринин: Кыргызстандын, Казакстандын, Таджикстандын ошондой эле Россиянын окумуштуулары катышат.
Кыргызстандагы ПРООНдын, өкмөттүк эмес уюмдардын, токой чарбачылыгынан ж.б. келишет.
Конференция био ар түрдүүлүктү сактоо жана музей ишинин көйгөйлөрүн чечүүгө дем берип, коллекциялар менен иштөөдө, жаратылышты сактоо жана билим берүү жаатында жемиштүү болот деп күтүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ