Menu

ЕБдин Орусияга каршы санкцияларды узартуу чечимин беш өлкө колдоду

Бөлүшүү:

Албания, Лихтенштейн, Норвегия, Украина жана Черногория Орусияга каршы санкцияларды 2017-жылдын 15-мартына чейин узартуу боюнча Европа биримдигининин чечимин колдоду. Мындай билдирүү европалык дипломатия башчысы Федерика Могериндин басма сөз кызматынын сайтында пайда болду.

Билдирүүдө аталган өлкөлөрдүн чечимдерин Евробиримдик кубаттай тургандыгы белгиленген.

Орусияга каршы санкциялар Москва Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогону үчүн 2014-жылдын жайында киргизилген. Алар Орусия экономикасынын каржы жана энергетикалык тармактарына багытталып, ар алты ай сайын узартылып турат.

Сентябрда Евробиримдик 146 орусиялыкка жана орусиялык 37 компанияга карата киргизилген жеке санкцияларды 2017-жылдын 15-мартына чейин узартуу чечимин кабыл алган.

Учурда Орусияга каршы АКШ тараптан киргизилген экономикалык чектөөлөр да күчүндө.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: